Күндүн твити: Казакстандыктар президент алмашканда эмне кылуу керектигин билишпейт

Твиттердин Султан аттуу казакстандык колдонуучусу кыргыздардан жардам сурады, анткени анын өлкөсү «бийликтин алмашуусун биринчи жолу башынан өткөрүүдө». Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон тарта президент төрт ирет алмашкан.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өзүнүн отставкасы жөнүндө жарлыкка 19-мартта кол койду — ал муну өлкө элине телевизиондук кайрылуу жасап жатып жарыялады.

Анын айтымында, ал Казакстан үчүн колунан келген «бардык нерсени жасаган» жана дайыма өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө аракет жасаган.

Ошол эле маалда Назарбаев парламентте эң көп орунду ээлеген «Нур Отан» бийликчил партиясынын жетектеп кала берет. Андан тышкары, ал өлкөнүн мыйзамдары боюнча ыйгарым укуктары көп Казакстандын Коопсуздук кеңешин башкарат.

Президенттин милдетин убакытылуу Сенаттын спикери Касым-Жомарт Токаев аткарат.