Коллаж: Александра Титова / Kloop.kg

Бишкекте көптөгөн экспаттар жашап, иштешет — бул чет өлкөдөн Кыргызстанга келип, жашап калган жарандар. Жергиликтүү тургундар үчүн адаттагыдай сезилген салттар аларды таң калтырат, ал эми айрым күнүмдүк турмуштагы нерселер болсо коркутуп, атүгүл таарынтып да коёт. «Клооп» Бишкекте жашап кеткен жана жашап жаткан Хорватия, Франция, Мальдив жана Канаданын жарандарынан Кыргызстандагы урбанчылык, тамак-аш жана мамилелер тууралуу эмне деп ойлошоорун сурап көрдү.

Бишкекке кантип келип калдыңыз?

Даниел Пресечан, Хорватия: Мен ар кандай басмырланган адамдардын тобуна жардам берүүчү ADRA кайрымдуулук уюмунда иштейм. Мисалы, уюм улгайган же кулагы жакшы укпагандарга жардам берет. Борбор Азияда жашап атканыма беш жыл болуп калды. Башында Алматада, андан соң Дүйшөмбүдө жашадым, кийинчерээк 2018-жылдын сентябрында Бишкекке көчүп келдим.

Мари-Аликс Детри, Франция: Мен аткезчилик жана көмүскө базарын чагылдырган Париждик басылмада иштегем. Убакыттын өтүшү менен кызыгуум тарап, жумуштан бошодум дагы Сибирге кетип калдым: Байкалда болдум, Иркутск, Улан-Удэге барып, ал жактан макалаларды жазып жүрдүм. Ошондон кийин Кыргызстанга келип, Европадагылар Борбор Азиянын кай жакта жайгашканын билишпесин түшүндүм. Ошондуктан европалыктарга бул чөлкөмдө эмне болуп атканын айтып берип турууну чечтим. Бул жерде 2018-жылдын сентябрынан тарта жашап жатам.

Шаана Фатимат, Мальдив: Мен дайыма врач болууну кыялданчумун, бирок Мальдивде азырынча медициналык институт жок болгондуктан окуу жайды чет өлкөдөн издөөгө аргасыз болдум. Мальдивдин Медициналык кеңеши тарабынан жактырылган чет элдик окуу жайлардын тизмесинде Кыргызстандын Эл аралык университетинин Жогорку медициналык мектеби жогору бааланыптыр. Кеңештин өкүлдөрү ага жеке өздөрү барып да келишиптир. Ошентип 2018-жылы февралда Бишкекке келип калдым. Бирок университетке байланыштуу көптөгөн көйгөйлөрдөн улам бир жылдан кийин мен үйүмө кайтып барууну чечтим. Мен жалгыз эмесмин. Мальдивден Бишкекке мени менен кошо 30га чукул студент келип, алардын ичинен үчтөн эки бөлүгү кайра кетип калышты.

Мухаммед Зубэйр, Канада: Канадада адвокаттын лицензиясын алгандан кийин, 2018-жылдын башында алмашуу боюнча Бишкекке юридикалык практикага баруу мүмкүнчүлүгү тууралуу билип калдым. Ошентип Кыргызстанга келдим. Азыр International Development Law Organisation эл аралык уюмунда юридикалык суроолор боюнча кеңешчи болуп иштейм.


Адамдар

Даниел Пресечан: Бишкектиктер сүйлөшкөндү жакшы көрүшөт. Таксиге отурсаң эле айдоочу аялың барбы, канча балаң бар, кайсыл жерде иштейсиң деген сыяктуу суроолорду жаадыра баштайт. Эгер мен улуураак курактагы таксистке отуруп калсам, 30 жашта экенимди жана бойдоктугумду билип, мага бир нерсе болгондой түр менен мени тиктешет. Жаштар болсо жөн эле ийин куушурат. Чыгыш өлкөлөрүндө мындай суроолорду беришпейт да, а бул жерде кадимки эле көрүнүш экен. Бирок мен да көнүп калдым, азыр ушундай суроолорду кайра алардын өздөрүнө узатам.

Мари-Аликс Детри: Париждиктерге салыштырмалуу Бишкекте адамдар ачыгыраак келишет жана баарлашууда экспрессивдүү [башкалардын окуяларына да эмоция менен жандашат]. Бул жерде кандай учур болбосун мага жардам беришет, жолду билбей калганда шаардын бир башынан экинчи бир жакка акысыз жеткирип коюуну да сунушташкан. Балким бул менин чет элдик экенимдин так көрүнүп тургандыгы жана адамдарга мени менен баарлашуу кызык болгондугунандыр.

Мен кыргыздар менен да, орустар менен да баарлашам жана кыргыздар меймандосуурак келишээрин байкадым. Ал эми орустардын мага бир нерсени түз айткан мүнөздөрү жагат. Мисалы, алар такси чакыртып жатышканда «Фатьянов 5» деп коюшат, андан башка «Саламатсыздарбы», «Рахмат», «Саламатта калыңыз» деген сыяктуу башка эч бир сөздөрдү айтышпайт. Францияда мындайды оройлук катары кабыл алышат. Мен да бул адатка бир аз үйрөнүп алдым жана кээде досторум менен ушинтип сүйлөшүп коем. Аларга дароо «Мага бул керек» деп айтып, анан «Ой, кечиргиле, салам» деп кошумчалайм.

Жада калса Францияда да мен абдан чоң феминист болуп эсептелем, дайыма талаш-тартыштарга аралашып кетем. А бул жерде болсо мени таптакыр эле радикал кабыл алышат. Таксиге түшкөндө күйөөң барбы же жокпу, балалуу болгуң келеби же жокпу деп байма-бай сурашат. Турмушка чыгууга шашылбайм, балалуу болгум келбейт деп жооп берсем адамдар «Эмне-е?» дешет. А мен жөн гана эркин болуп, өзүм үчүн жашагым келет.

Бул жерде адамдар өз укуктарын коргоо үчүн күрөшүп, көп күч жумшоого аргасыз болушкандыктан чыгаар, аягына чейин барууга аракет кылышат. Мага бул абдан жагат. Сага канчалык оор болсо, сенде ошончолук көп энергия болот.

Шаана Фатимат: Мен Бишкекке учуп келгенден кийин бизди ЖОЖдордун кызматкерлери тосуп алышып, мейманканага алып барышты. Ошол жерден эле эч кандай документтерсиз бизден окуу үчүн акча алышкан. Алар көптөгөн өтүнүчтөрдөн кийин, сегиз ай өткөндө гана ошондогу төлөмдү расмий тууралашты.

Бишкекте канчалык узак жашаган сайын шаардагы басмырлоо атмосферасын ошончолук көбүрөөк байкап жаттым. Окуу башталаар алдында биздин группа диспансердештирүүдөн өтүш керек эле. Бул абдан эле жаман болгон. Студенттердин көпчүлүгүндө персоналдын орусча айткандарын түшүнбөгөндүгү үчүн гана түрткүлөшүү орун алган. Мен болсо рентгенография кабинетиндеги шылдыңга кабылгам. Ал жерде иштеген аял мени мусулмандардай кийинбейсиңби деп сындаган — анткени мен жынсы менен хижабчан болчумун. Менин туура эмес кийингендигим тууралуу өз оюн айтып жатып эле ал элдин көзүнчө көчүгүмдү кармап алды. Кийинчирээк бул тууралуу деканга айтып бердик, бирок буга эч ким олуттуу караган жок.

Университеттеги сабактарга бара баштагандан кийин алардын көбүнүн пайдасы такыр эле жок экенин түшүндүм. Лекциянын мазмунунда каталар бар эле, ал эми кээ бир презентациялар жөн гана интернеттен жүктөлүп алынып, орусчадан англисчеге начар которулган эле. Практикалык сабактар болгон эмес. Ушул маселени көтөрүп чыгайын дегенде окуу жайдын администрациясы бардыгына шылтоо таап, университетти акыр аягына чейин коргоп туруп алды.

Мухаммад Зубэйр: Кыргызстан — салттуу өлкө, бул жерде адамдар өз каадаларын сакташат жана урматташат. Кыргызстандык кесиптештеримден дем алыш күндөрү эмне кыласыңар деп сурап калганда, алар дайыма ата-энелериникине же жубайларынын туугандарыныкына үй жумуштары же чарба иштерине жардам берүү үчүн барышаарын айтышат. Канадада туугандардыкына чоң майрамдарда гана барышат, тагыраагы Иса пайгамбардын туулган күнүнө арналган майрамдарда, Жаңы жылда. Ошондо да алар көңүлдөнбөй атып араң барышат.

Бул жерде адамдардын ортосундагы баарлашуу Бишкектин чоң шаар же борбор калаа экенин эске алганда деле абдан тыгыз. Бир күнү жумушка бара жатып тамак-аш алуу үчүн дүкөнгө кирип калдым, ошол күндөн тарта ошол дүкөндүн сатуучусу мен өтүп баратканда дайыма мени менен учурашат. Канаданын ири шаарларында мындай нерсе жок.

Мен тажрыйба топтоп аткан мусулманмын жана бул жерде дин маданияттын өнүккөндүгү мен үчүн жакшы нерсе. Мында сен динчил адам болуп туруп, ошол эле учурда заманбап киши да боло аласың. Мен төрөлгөн Пакистанда так чек коюлган — эгер сен динчил болсоң анда сага музыка укканга болбойт, анткени бул харам. Көңүл ачуу жайларына кирүүгө болбойт, анткени ал жакта спирт ичимдиги берилет. Бишкекте болсо мен модага, заманбап музыкага, түнкү жашоого кызыга алам жана ошол эле маалда мусулман бойдон кала берем.

Коллаж: Александра Титова / Kloop.kg

Шаар

Даниел Пресечан: Шаардан калган алгачкы таасирленүүм эсимде — эртең менен жолдор маршруткаларга толуп калат: кыжы-кужу, ызы-чуу. Мен ошондо: “Бишкек — бул чоң кыштак” деп ойлоп койгом. Бирок, убакыттын өтөөрү менен Бишкек өнүккөн шаар экенин түшүндүм. Азыркы замандан артта калбай жүргөн адамдар бул жерден ага керектүүлөрдүн бардыгын таба алат.

Бишкек Алмата жана Дүйшөмбүгө караганда көбүрөөк жагат. Алмата абдан ишке байланган шаар — ал жакка иштегени барышат жана андагы адамдардын бири-бири менен болгон мамилеси суз, ал эми шаардын жан дүйнөсү жоктой сезилет. Ал жакта тогуз жыл жашагам, ушул убакытта мени эки жолу эле конокко чакырышкан. Дүйшөмбүдө болсо тескерисинче — тажиктердин жүздөрү ачык, жайдары болушат. Эгер Алматада сени МАИ кызматкери токтотсо, алар сенин теринди үч сыйрышат. Ал эми Дүйшөмбүдө МАИчилер кээде жөн эле сүйлөшкүсү келгени үчүн гана токтотушат.

Бирок Алмата да, Дүйшөмбүдө да сени көзөмөлдөгөндөй, аңдыгандай сезим бар. Ал жактарда камералар көп, ал эми кээ бир темалар боюнча силер менен эч ким сүйлөшпөй коёт. А Бишкекте болсо эркиндик сезими бар — баарынан да мага ушунусу жагат.

Мари-Аликс Детри: Бишкектин тротуарларынан басуу кыйла эле коркунучтуу, ар бир жерде тешик бар, бир нече жолу жыгылып кете жаздагам. Бирок бул жаңы көнүшүп аткан учурда болгон, азыр мен аң-дөңдөрдү аттап өтүү боюнча эксперт болуп калдым.

Дагы бир нерсени айтсам, Бишкекте жарнама билборддору [жарнама такталары] толтура, Европадагыдан да көп. Бул билборддордун өздөрү да абдан чоң экен. Мурда буга дайыма нааразы боло берчүмүн, эми болсо көнүп, аларды байкабай деле калдым. Башка жагынан караганда Бишкек абдан жашыл шаар, мага жергиликтүү парктар жагат.

Шаана Фатимат: Алгачкы убактарда Бишкекке карата таасирим муңайыңкы болчу: өлүп калган бак-дарактар, боз имараттар, капа кылган атмосфера жана кызыксыз совет курулуштары.

Мальдивдин борбор калаасы Мале шаарында калк жыш болгондуктан ижарага батир алуу өтө кымбат. Мисалы, үч бөлмөлүү батир үчүн сиз айына миң доллар төлөп каласыз. Андан тышкары, сизден эки миң доллар кепилдик төлөмүн сурашат. Бишкекте болсо ижарага батир алуу опоңой. Баалар келишимдүү жана турак-жайды тез эле таап алса болот.

Малеге салыштырмалуу Бишкектин дагы бир артыкчылыгы — бул күндүр-түндүр иштеген «Народный» сыяктуу дүкөндөрү. Бизден тыныгуусуз жана дем алышы жок иштеген азык-түлүк дүкөндөрүн таппайсыңар.

Мухаммад Зубэйр: Канадада ар бир адам өз үйүнүн алдындагы карды күрөө үчүн жоопкерчиликтүү болот. Эгер мен эшиктин алдындагы карды күрөбөй койсом, а менин кошунам тайып кетип, бир жерин сындырып алса, анда ал мени миңдеген доллар өндүрүү үчүн сотко бериши мүмкүн. Кар жаагандан эки саат өткөн соң жолдордун ар бир тилкесинде бирден кар тазалоочу машиналар болот. Бишкекке кар жааса аны начар тазалашат.

Бишкектин көпчүлүк жерлеринде жөө киши өтүүчү жолдордун начардыгынан адам майып арабасы менен жүрө албайт. Бул жерде бир нече пандустарды көргөм. Алар ушунчалык тик болгондуктан кантип түшүп же көтөрүлсө болоорун элестете да албайм.


Тамак-аш

Даниел Пресечан: Мен вегетарианмын [этсиз тамак жегендер], ошондуктан мага белгилүү бир азыктар керек. Борбор Азия үчүн бул көнүмүш болбосо дагы мен Бишкектен вегетариандык тамактарды сатчу дүкөндөрдү таба алдым. Мисалы, киноа же соя этин саткан дүкөндөр бар экен.

Мари-Аликс Детри: Мен вегетариан болгондуктан, бул жерде мен үчүн оңой эмес болууда. Эти жок тамак буюртма кылсаң деле дайыма тоок эти бар сюрприз аласың. Жер жемиштүү шорпо десем, идиште дайыма тоок эти бар болот. Тоок этин бул жерде эт катары көрүшпөйт экен. Мен бул кыргыз маданиятында маанилүү роль ойногондуктан деп ойлойм. Ошондуктан, эгер сен эт жебейм деп айтсаң, адамдар сени бүгүн эле эт жебейт деп ойлошот.

Кантсе да мен французмун да, андыктан мага сыр жетишсиз болууда. Жергиликтүү сырлар даамсыз. Бул жерден вино да ичпейм, анткени анда кант абдан көп болот, ал эми жакшы винолору кымбат турат.

Шаана Фатимат: Мага Кыргызстандагы тамак-аштар жакты, анда түрктөрдүн таасири сезилет. Мен эң эле жакшы көрүп жеген тамактар — бул палоо, манты жана атын эстей албай жаткан куймакка окшогон бир тамак. Мен аны Ысык-Көлдөн жеп көргөм, ошондон кийин бир отурганда мындай куймактарды үчтөн кем жей элекмин.

Мухаммад Зубэйр: Мага бул жактагы тамактар жагат. Ал тургай мен бир аз оңолдум. Анткени бул жерде халал тамактар көп, Канадага караганда алда канча көп. Бишкектен мен биринчи жолу борщ ичип көрдүм, ал эми Канадада орус халал тамагын табуу мүмкүн эмес.

«Тоок сюрпризи» Коллаж: Катя Мячина / Kloop.kg

Коопсуздук

Даниел Пресечан: Бишкек коопсуз шаар деп айтмак эмесмин. Мисалы, түнкүсүн көчөлөр дайыма жарык болбойт, ошондуктан мен кеч кирип калганда кээ бир жерлерде калып кетүүнү каалабайт элем.

Мари-Аликс Детри: Мен эки жолу көчө асылууларына кабылдым. Кечинде үйгө келе жатсам жаныма машина токтоп, ал жактан мага бир нерсе деп айтышты. Мен укмаксанга салып койдум, кулагыма кулакчындарды салып, тезирээк кетип калууга аракет жасадым. Бирок, жалпылап айтканда, мен бул жерде өзүмдү коопсуз жердемин деп сезем.

Шаана Фатимат: Бишкек өтө коопсуз шаар деп ойлойм. Ал жердеги сүйлөшкөн адамдардын бирөөсү да тоноо, карактоо же зордуктоого кабылган эмес. Эң таң калычтуусу — шаарда кечки убакытта жүрүү да коопсуз. Мен көпкө окуп отуруп калып курсагым ачып кеткенде, тамак алуу үчүн кечкисин дүкөнгө тынч барып келе алам жана мени менен коркунучтуу эч нерсе жүз бербейт.

Мухаммад Зубэйр: Кыргызстанда чет элдиктерге абдан сый көрсөтүү менен мамиле жасашат. Бир да жолу коркунуч сезген жокмун. Бул жакта адамдар мага Канадага караганда абдан позитивдүү жана токтоо көрүнүштү. Балким бул Кыргызстанда физикалык жактан активдүү адамдар көп болгондуктан, андан тышкары бардыгы спорт залдарга барышып, тоого чыгып, дайыма лыжа тебүүгө барып турушканы менен байланыштуудур.


Мамиле

Даниел Пресечан: Дүйшөмбүдөгү ЕККУнун (Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун) бир кызматкери мага Кыргызстанга аялы жок көчүп барган чет элдиктердин баары ал жактан аялдуу болуп кайтат деп айтып берген. Ал өзү да ушинтип Бишкектеги орус кыргызстандыкка үйлөнгөн экен. Анын ою боюнча, бул жерде салттуулук менен заманбаптуулуктун жакшы микси бар. Ал эми Америкада өтө эле заманбап келишет жана ал мындан тажап да кеткен.

Мари-Аликс Детри: Францияда мен адатта OK Cupid тиркемесинен колдоном. Тиркемеден сага эркектер же болбосо кыздар жагаарын, моногамдык же монагамдык эмес мамиле издеп жатканыңды көрсөтсөң болот. Мен үчүн бул маанилүү, анткени мен моногамдуу эмесмин. Бирок бул жерге келип, колдонмого киргенден кийин айланада 20 профиль эле чыкты. Радиусту 500 километрге көбөйтсөм 22 профиль болуп калды, анын ичинен үчөөсүн тааныйт экенмин.

Tinderди колдонуп көрөйүн деп чечтим. Ал жактан өзүмдүн көптөгөн тааныштарымды, кесиптештеримди таптым, өзгөчө «Клоопто» иштеген таанышымды да көрдүм. Францияга караганда бул жерде аялдар назик, эркектер эр болушу керек деп күткөндөр бар экен. Эгер мен Тиндерден ашыкча булчуңдуу баланы же тескерисинче абдан назик кызды көрсөм булар мен үчүн эмес деп ойлойм. Ал кишилер бири-бирине төп келишсе керек жана бул эң жакшы! Бирок мен үчүн бул зеригичтүүдөй туюлат.

Шаана Фатимат: Биринчи жолугушууга мен дал ушул Бишкекте бардым. Ата-энем балдарга жолугууга тыюу салчу, анткени аларга балдар көңүлдөрүн окууга буруп, жакшы билим алганы маанилүү болчу. Мен дайыма чет элдик менен таанышкым келе берчү, бирок бишкектиктер мага жакчу эмес. Бул жерден мен досторум аркылуу таанышып калган ирандык эки бала менен жолугушуп жүрдүм. Бирок бул мамилелер мен каалагандай аяктаган жок, анткени биз туш тарапка кетүүгө аргасыз болдук.

Мухаммад Зубэйр: Бул жакка келгенде Канадага салыштырмалуу Бишкекте сулуу кыздар абдан көп экенин байкадым. Бул жерде мага 10 кыздын ичинен жетөөсүнүн тышкы келбети жагат. Эгер менин аялым жок болгондо Бишкекте жүргөнүм үчүн кубанууга менде дагы бир кошумча себеп болмок.


Бири-бирибизден эмнелерди үйрөнө алабыз?

Даниел Пресечан: Кыргызстандагы коом жамаатчыл болсо, Хорватияда индивидуализм көбүрөөк. Ушуну менен айырмаланышат. Бул жерде адамдар өздөрү же коом үчүн пайда алып келишин тандап жатып коомго басым кылышат. Ал эми бизде көбүнчө жеке пайданы артык көрүшөт. Дагы байкаганым боюнча, бул жактагы адамдар ата-энелерине жакшы кам көрүшөт.

Кыргызстан өз учурунда Хорватиядан билим берүү системасын өнүктүрүү тажрыйбасын алса болот. Бизде билим берүү абдан жакшы, ага көп акча жумшашат.

Мари-Аликс Детри: Бул жердеги адамдар ачыгыраак, бөлүшүүгө даяр болушат. Ушуну француздар кыргыздандыктардан өздөштүрө алышса болот. Кайраттуулукка да үйрөнө алсак болчудай. Адамда эч кандай каржылык кепилдиги, коргонуусу жок болсо, бул аны активдүү болууга, тобокелге салып, жаңы тажрыйба алууга түртөт. Кыргызстандыктар да аргасыздан ушундай жолго барышат. Ошондуктан кыргыздар комфорттон артына жашынган европалыктарга салыштырмалуу кайраттуу келишет.

Кыргызстандыктар бизден аялдардын жана ЛГБТнын укуктарын, жашоонун башка мүнөзүн кабыл алуу маселелеринде ачыгыраак болууну үйрөнө алышмак. Дагы, алар француздардан сыр азыгын жасаганды үйрөнсө болмок!

Шаана Фатимат: Мен кыргызстандыктардан бирдиктүү сезимди, бири-бирин урматтоону жана мекенге болгон сүйүүнү өздөштүргөндү кааламакмын. Модернизацияга карабастан, бул жактагы адамдар өз баалуулуктарын энтузиазм [шыктануу сезими] менен кармашканы жакты.

Эгер мен малдивдик катары бир нерсени жооп кылышым керек болсо — анда бул чыныгы цивилизациянын баалуулуктары болмок. Цивилизация — бул инфраструктуранын өнүккөнү же кооз кийинүүнү билүү эмес. Башка адамдарды сыйлай билүү силерди цивилизациялуу кылат. Бул жердеги адамдар кең көз карашта болушун жана ырым-жырымдан бошонуусун каалайт элем.

Мухаммад Зубэйр: Кыргызстандыктардан үй-бүлөлүк баалуулуктарды, салтты, тарыхты жана улууларды урматтоону үйрөнө алабыз. Ошондой эле биз алардан физикалык активдүүлүккө болгон сүйүүнү өздөштүрө алмакпыз. Канадада адамдан көбүнчө пайдалуу эмес азыктар менен тамактанышат жана спорт менен машыгышпайт. Бул жердегилердин баары диетада отурат деп деле айтса болбойт. Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр системасынын оорулары абдан көп, анткени тамак-аш майлуу. Бирок бул жактагы адамдар чын эле физикалык жактан активдүү.

Ал эми кыргызстандыктар болсо канадалыктардан демократия, ачык-айкындык жана бийликтин эл алдында отчёт берүү тажрыйбасын алса болот.