Нооруздун башкы символдорунун бири — бул сүмөлөк менен боорсок. Бирок эгер боорсокту каалаган убакта жей берүү мүмкүн болсо, сүмөлөктү бир гана Ноорузда даярдашат. «Клооп» чет элдиктерге сүмөлөктү ар башка азыктар менен даамдап көрүүнү сунуштап, алардын реакциясын тартып алды. Аны биздин видеодон көрүңүз.

Негизи сүмөлөк Ноорузга карата жасалат. Бул ун, май жана өндүрүлгөн буудай аралаш жасалган тамак. Сүмөлөктү майрамга чейин бир күн мурда жасап башташат жана аны демдөө убактысы бир түндү алат.