Нурсултан Назарбаев Казакстандын президенттик кызматынан кетип жатканын жарыялаган күндөн тарта бул өлкөдөн абдан таң калычтуу жаңылыктар селдей агылды.

Отставка жарыяланган күнү, 19-мартта Казакстандын жана жакынкы өлкөлөрдүн тургундары отставканын өзүн талкуулашкан болсо, эртеси күнү көңүлдүн бардыгы казак калаасы Астананы Нурсултан деп өзгөртүү жөнүндө сюрреалисттик жаңылыкка бурулуп кетти.

Калаанын атын алмаштыруу фантастикалык ылдамдык менен болуп өттү. Эртең менен эле бул тууралуу эч ким билген эмес, ал эми күн жарымында, Касым-Жомарт Токаевдин инаугурациясынан кийин казак парламентарийлеринде күтүлбөгөн жерден эле мыйзам долбоору даяр болуп чыга калды. Бийлик жарыялагандай: Астананын атын Нурсултан деп өзгөртүү үчүн референдум жана жарандардын пикири керек деле эмес.

Коомдук тармактар болсо, албетте бул боюнча болушунча буркан-шаркан түшүүдө, бирок кыязы Казакстандын бийлигине дал ушул нерсе керек окшойт.

Астананын атын өзгөртүү — бул жөн жайдан эле маалыматтык ызы-чуу жаратуунун көрүнүктүү мисалы. Мындай учурда ушунчалык сандырак бир нерсе чыгарылат да анын фонунда эң эле маанилүү жаңылыкка көңүл бурулбай калат.

Ооз кыйшайтканда эмне, жада калса биз «Клоопто» буга алданып, Астананын атын өзгөртүүнү кечээ күндүн башкы жаңылыгы кылып койдук.

20-мартта Нурсултандын кызы Дарига Назарбаеванын сенаттын төрагалыгына дайындалышы жогоруда айтылгандан да кыйла маанилүү окуя болуп чыкты. Бул кызматка аны Назарбаевдин ордуна келген Касым-Жомарт Токаев дайындаган.

Маалыматтык ызы-чуу максатына жеткендиктен, Google Newsка “Дарига Назарбаева” деп киргизгенде бул сурам боюнча эң белгилүү жаңылыктар болуп Астананын атынын өзгөрүшү жөнүндө же Токаевдин инаугурация тууралуу маалымат чыгат:

Сенаттын төрагасы — бул Казакстанда абдан таасирдүү фигура. Эгерде мисалы президент өз алдынча кызматтан четтөөнү чечсе, анда бийлик автоматтык түрдө дал ушул адамга өткөрүлөт.

Тагыраагы, эми тил алчаак президент Токаевдин жөн гана өз кызматынан баш тартуусу жетиштүү болот (аны көпкө чейин көндүрүүгө деле туура келбейт). Андан кийин мамлекетти атасы өлкөнү көз карандысыздык алгандан тарта башкарган Дарига Назарбаева жетектеп калат.

Ошентип, бул постсоветтик өлкөлөрдө Азербайжандан кийинки эле де-факто экинчи монархия болуп калат. Бирок бул казактарда да же советтен кийинки өлкөлөрдө да Астананын атынын өзгөрүшү талкууланып жаткан масштабдай сөзгө алынган жок.

Элдин ачуусу боштукка карай багытталды, амал ишке ашты.