УКМК вице-премьер Разаков «Тажикстандын тыңчысы» делген маалыматты текшерүүдө

Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаковдун Тажикстандын атайын кызматтары менен байланышы бар экени тууралуу маалымат Тажикстандын ЖМКларында 2016-жылы эле пайда болгон жана бул маалымат аткаминерди жаңы кызматтарга дайындоолор учурунда маал-маалы менен пайда болуп турган. Разаков өзү аталган өлкөнүн атайын кызматтарына үгүттөлгөнүн четке какканы менен УКМК парламенттин талабы боюнча бул маалыматты текшерет.

УКМК вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун Тажикстандын атайын кызматтары тарабынан үгүттөлгөнү тууралуу маалыматты текшерип жатат. Мекеменин басма сөз катчысы Рахат Сулаймановдун айтымында, текшерүү боюнча кеңири маалымат анын жыйынтыгы боюнча гана жарыяланат.

Вице-премьер-министрди текшерүүнү парламенттин депутаттары талап кылышкан. Алар мындай чечимди 20-март күнү кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын угуп жатып кабыл алышкан. Сүйлөшүүдө кыргыз делегациясын Жеңиш Разаков жетектеген. Сүйлөшүүлөр Аксай — Тамдык айланып өтүүчү жолунунун курулушунан улам Аксай жана Ворух тажик анклавынын жашоочуларынын ортосунда чыккан чырдан кийин башталган. 13-14-март күндөрү ал жакта үч кыргызстандык жабыркап, эки тажикстандык набыт болгон.

Разаковдун үгүттөлгөнү тууралуу маалыматты алгачкы жолу 2016-жылы Тажикстандын оппозициялык уюму делген сайтта жарык көргөн, андан соң маалымат Тажикстандын жана Кыргызстандын ЖМКларында пайда болгон. Кийинчерээк бул маалымат аткаминер жаңы кызматтарга дайындалып жатканда кайрадан кеп кылына баштаган. «Азаттык» радиосу өзүнүн тажик редакциясындагы (Озоди ) кесиптештерине таянуу менен сайт жана Разаков «тыңчы» делип айтылган биринчи макаланын автору фейк болушу мүмкүндүгүн жазат.

Жеңиш Разаков — Кыргызстандын вице-премьер-министри, президент Сооронбай Жээнбековдун мурдагы кеңешчиси. Ал Коопсуздук кеңешинин башчысы жана Баткен облусу боюнча өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү болгон, андан тышкары, Разаков бул аймактын ички иштер органдарында узак убакыттарга чейин иштеген.