«Азия Молл» соода борборунун алдына чогулгандар. Сүрөт: Эржан Бейшеналиев / Kloop.kg

Рэп аткаруучу жана Black Star Burger ресторандар тармагынын ээлеринин бири Тимати 25-март күнү Бишкекке филиалдын расмий ачылышына келди. Ал ушул күнү «бүткүл шаарга акысыз бургер берээрин» убада кылган.

Сегодня в 17:00 у ТРЦ «Азия Молл» Тимати официально откроет BLACK STAR BURGER в Бишкеке! За всем происходящим можете следить в прямой трансляции на канале НТС

Posted by ASIA MALL on Sunday, March 24, 2019

Расмий ачылышка эки саат калганда «Азия Молл» соода борборунун алдына эл көп чогулду. Коомдук тартиптин сакталышын милиционерлер көзөмөлдөшүүдө.

Black Star Burgerдин биринчи ачылыш салтанаты Бишкекте 7-мартта өткөн. Анда чогулгандардын алдына Кыргызстандын Азирети муфтийи Максат ажы Токтомушев чыгып сөз сүйлөгөн. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан (КМДБ) бургеркананын ачылышына муфтийди уюштуруучулар чакырышкан деп түшүндүрүшкөн.