Алмазбек Атамбаев президент болуп турган кезде Фарид Ниязов менен. Сүрөт: Султан Досалиев / Президенттин басма сөз кызматы

Контекст: Парламенттин спикери Дастан Жумабеков Алмазбек Атамбаевди президент болуп турган учурда «коррупцияга жол берген жана атаандаштарын куугунтуктаган» деп айыптаган. Жумабеков Атамбаевдин айынан эл «карызга батып», ал эми анын жакын санаалаштары «байып, бийликти узурпациялоого аракеттенишкен» деп билдирген. Спикердин бул сөздөрү Атамбаевдин айыптоолоруна жооп болгон. Буга чейин экс-президент Жогорку Кеңеш депутат жана президенттин иниси Асылбек Жээнбековдон көз каранды деп билдирген.

Эмне болду? Жумабеков тараптан айтылган айыптоолорго Атамбаевдин эң жакын үзөңгүлөшү, анын мурдагы кеңешчиси жана КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Фарид Ниязов жооп берди. Анын спикерге берген жообун бир абзац менен кыскача баяндап беребиз:

Жумабековдун айткандары — «популисттик жалган». Ал жүрөгүнүн түпкүрүндө Атамбаев менен чогу иштегенине сыймыктанат. Ооба, Атамбаевдин тушунда насыялар көп алынганы менен кошо эле миллиардаган доллар гранттар жана башка жардамдар да алынган. Атамбаев жүздөгөн километр жолдорду, жүздөгөн мектептерди, ондогон ишканаларды, жаңы ат майданды жана тарых музейин мураска калтырды. Кыргызстандын мурдагы президенттеринин ичинен кимиси ушундай кылды эле? Эч ким. Атамбаев дайыма коррупция менен күрөшүп, муну саясий атаандаштарына каршы күрөшкө айланткан эмес. Ооба, ал кээде туура эмес адамдарга ишенгенин мойнуна алат, бирок эгер анын айланасындагы адамдардын күнөөлөрүн далилдешсе, анда ал аларды эл алдында айыптоого даяр. Бирок бул Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматовго тиешелүү эмес. Аларга каршы иштер — бул саясий буюртма. Кыргызстан өз убагында Атамбаевдин атын актап, аны Исхак Раззаков жана Турдакун Усубалиев сыяктуу лидер катары тааныйт. Мунун баары азыркы саясий элитанын өкүлдөрү эмне каалап жатканына карабастан орундалат.