Ташиев менен Бабанов Москвада

Саясатчы Камчыбек Ташиев мурдагы президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов менен чогуу түшкөн сүрөтүн жарыялады. Бабанов учурда өзүнө каршы бир нече кылмыш иши козголгондугуна байланыштуу Кыргызстандын чет жакасында жүрөт.

Ташиев сүрөткө мындай деп жазган: «Бардык жакшылыктар эми гана башталууда! Жакында көрүшкөнчө!» Бул соңку убактарда Бабанов бийлик тарабынан куугунтукталып атканына карабастан Кыргызстанга кайтып келгисин кыйыткан экинчи учур.

Ташиев менен Бабанов 2015-жылдагы парламенттик шайлоонун алдында үзөңгүлөш болуп калышкан. Алар өздөрүнүн «Ата-Журт» жана «Республика» партияларын бир чоң «Республика — Ата-Журт» партиясына бириктиришкен. Шайлоодон бир жыл өткөндөн кийин Ташиев партиядан кетип, 2017-жылдагы президенттик шайлоодо Бабановду эмес, бийликчил талапкер Сооронбай Жээнбековду колдогон.

Бабанов өзү кайтып келээрин 21-март күнү Нооруз майрамына карата куттуктоосунда ишара кылган. Бирок көп өтпөй эле атайын кызматтар Бабанов Кыргызстанга кайтып келе турган болсо «мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылаарын» билдиришкен.

Бабановдун Кыргызстанга кайтып келүүсү тууралуу жаңылыктар экс-президент Алмазбек Атамбаев (анын учурунда кылмыш иштер козгозгон) менен азыркы өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы араздашуунун шартында пайда болду. Президенттердин талаш-тартышы 2018-жылдын жаз мезгилинде башталган. Ошол убактан тарта Атамбаевдин убагында кылмыш иштери козголуп, соттолгон саясатчылардын иштерин кайра карап башташкан.