Владимир Путин жана Сооронбай Жээнбеков. Сүрөт: Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Орусиянын башчысы Владимир Путинди эл аралык «Манас» аэропортунда тосуп алды. Орус президенти Бишкекке 28-март күнү эртең менен учуп келди.

Жээнбеков менен Путиндин жолугушуусу «Ала Арча» мамлекеттик резиденциясында өтөт. Тараптар Орусиянын көзөмөлүндөгү ЖККУнун Канттагы авиабазасынын ишин өзгөртүүнү талкуулап, ар кандай тармактар боюнча 30 келишимге кол коюшат.