Орусиянын Бишкектеги элчилиги

Жубайлар Нурлан Карымшаков жана Гүлзана Имаеваны кармоо Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга сапар менен келгенине бир күн калганда орун алды.

Жубайлар 27-мартта кармалышкан. Алардын досторунун жана тааныштарынын айтуусу боюнча, милициянын активисттерге карата көңүл бурушуна алардын Орусиянын Бишкектеги элчилигинин алдында «Путин — агрессор» аттуу плакат менен пикетке чыккандары себеп болгон.

Кармалгандарды Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин «Улуттар аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча айыптап жатышат. Учурда алар Бишкектин Биринчи Май районунун ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо изоляторунда кармалууда — бул тууралуу өзүнүн фейсбук баракчасында укук коргоочу Рита Карасартова билдирди.

Нурлан Карымшаков жана анын жубайы Гүлзана Имаева Орусиянын Бишкектеги элчилигинин алдындагы пикетте.

Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбордун директору Нурдин Сулайманов милициянын имаратында кармалгандар менен сүйлөшкөн. Анын айтымында, Карымшаковго дароо эле адвокат беришкен эмес, бирок Кылмыш-процессуалдык кодекстин жоболору боюнча дароо берүүлөрү керек эле.

«Ал бизге 8:45те Манас проспектисинен кармап кетишкенин билдирди, бул жакка алып келишти [Бишкектин Биринчи май РИИБнин имаратына]. Тергөөчүлөргө аларды саат 16:00дө гана киргизишкен. Бул убкытка чейин, саат 16:00гө дейре аларды иш бөлмөсүндө кармап, суроолорду беришкен. РИИБдин кызматкерлеринин айтымында, эч кандай суак болгон эмес», — деди Сулайманов Карасартова жарыялаган видеодо.

Карымшаков милициянын имаратында болгон учурда анын батиринде тинтүү жүргүзүшкөн. Укук коргоо органдарынын иш-аракеттеринен кийинки башаламандыкты активисттин уулу тасмага тартып алган, анын айтуучу боюнча анын атасын «украиналык улутчулдар» менен байланышы бар болгонуна күнөөлөшкөн.

«Тергөөчүлөр атыккандар жүргөн, үчөө болушчу. [...] Алар бул жакка эч нерсе айтпастан эле кирип келишти, бардыгын издешти. Түшүнсөңөр, мага басып келишип, аларды тартып жатасыңар деп коркута башташты. Ким булар, кандай адамдар?» — деди ал видеодо.

Активисттин адвокаты Замир Жоошев «Клоопко» маалымдагандай, ал өзүнүн коргоого алган адамы менен кармалгандан 14 саат өткөндөн кийин гана жолугуша алган.

«14 саат өткөн соң аларга адвокат менен байланышууга мүмкүндүк беришти. 19 саат өткөн соң гана [милиция] протокол түздү [кармоо тууралуу], ал жакта аларды жөн гана кармап келишкен деп айтылган. Тагыраагы алардын 19 саат отурганын милиция аларды өздөрүнүн айынан отурушат деп эсептеген. Бул мыйзамды одоно бузуу», — деди ал.

Анын ою боюнча милиция Карымшаковду жубайы менен алардын батиринде тиндүү жүргүзүүгө ордер даярдоо үчүн кармап турган. «313-берене боюнча алар 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн, алардын төрт баласы бар, эң улуусу 19 жашта, калгандары жашы жете электер», — деди юрист.

Жоошевдин айтуусу боюнча Нурлан Карымшаков жана анын жубайы 19 саат бою тамактанышкан эмес. Юрист бул алардын укуктарынын «кескин бузулушу» деп атады. «Бүгүн же эртең прокурор кармалгандарга баш коргоо чарасын аныктоо боюнча сотко билдирүү жиберет».

Материал жарык көрөөр алдында милициядан «Клооптун» журналистине комментарий бере алышкан жок.

Кармоо Путиндин Кыргызстанга келээринин алдында болгон. 28-март күнү Орусиянын Президенти Бишкекке кыргыз бийлиги менен сүйлөшүүлөр үчүн учуп келген.

Тараптар ар кандай тармактар боюнча 30 макулдашууга кол коюуну, андан тышкары, Орусиянын башкармалыгындагы ЖККУнун Канттагы авиабазасынын ишинде өзгөртүүлөрдү талкуулоо пландалууда. Путиндин келээринин алдында Орусия Кыргызстанга «бюджетти колдоо» үчүн грант түрүндө 30 млн доллар бөлө турганы белгилүү болгон.

Авторлоштору: Рустам Халимов, Анна Капушенко