Иллюстративдүү сүрөт

Кыргызстанда шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү боюнча төрт мыйзам долбоору иштелип чыкты.

Материалдын түп нускасы «Азаттыктын» сайтында жарык көргөн. Материалдын автору — Кубанычбек Жолдошев.

Буга чейинки эки мыйзам долбоорун депутаттык топтор сунуш кылышса, үчүнчүсү боюнча «Ата Мекен» фракциясы демилге көтөрдү. Төртүнчү мыйзам долбоорун президент түзгөн жумушчу топ иштеп чыгып, парламенттин тиешелүү комитетинин кароосуна киргизди.

Мыйзам долбоорлору шайлоо тутумундагы кээ бир өксүктөрдү толуктап, кемчиликтерди оңдоону көздөйт. Бул мыйзам долбоорлорундагы айырмачылыктар жана чектөөлөр саясий чөйрөдө кызуу талкууланып жатат.

«Ата Мекен» өзүнчө мыйзам долбоорун иштеп чыкты

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов фракция парламенттик шайлоо боюнча бир катар өзгөртүүлөрдү караган мыйзам долбоорун иштеп чыгып, палатанын кароосуна сунуш кыла турганын билдирди.

Бул фракция иштеп чыккан мыйзам долбоору маани-маңызы жагынан парламенттеги буга чейинки эки депутаттык топтун мыйзам долбооруна принциби боюнча окшошкону менен сунушталган айрым эрежелери боюнча айырмалана турганы белгилүү болду.

Алмамбет Шыкмаматов

Депутат Алмамбет Шыкмаматов фракция аймактык шайлоо округдарында эки бюллетень менен партияга жана талапкерге добуш берүү ыкмасын сунуш кыла турганын айтты:

«Аймактардан чыккан, эл арасында чындап абройго ээ болгон адамдарды чогулта турган шайлоо механизмин сунуш кылып жатабыз. Биз тогуз аймакты шарттуу түрдө тогуз шайлоо округуна бөлдүк, анан ошол аймактагы калктын (шайлоочулардын) санына жараша мандат бөлүнөт. Мисалы, Нарындан 7, Таластан 7, Оштон 30, Бишкектен 30 мандат болушу мүмкүн. Бул ошол аймактардагы шайлоочулардын санына жараша болот. Ал эми шайлоочулар биринчи бюллетендеги партияга жана бөлүнгөн мандатка жараша экинчи бюллетендеги партия көрсөткөн талапкерлердин ар бирине добуш беришет. Партия ошол шайлоо округунан үч-төрт талапкерди көрсөтүшү мүмкүн. Ошентип ошол партия көрсөткөн талапкерлердин арасынан эң көп добуш алган адам мандат алып, парламентке депутат болуп келет. Ошондо ар бир аймактан элге жакын, чыныгы лидерлер чыгат. Муну биз эң адилеттүү шайлоо ыкмасы катары сунуш кылып жатабыз».

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев менен Жанарбек Акаев парламенттик шайлоону бирдиктүү республикалык округдун негизинде өткөрүп, партиялык тизмедеги ар бир талапкер үчүн электрондук добуш берүү эрежесин камтыган мыйзам долбоорун иштеп чыгышкан.

Бул ыкма пропорционалдык-партиялык жана мажоритардык-көп мандаттуу шайлоо системаларынын айрым артыкчылыктарын ичине камтыйт. Мында азыркыдай эле бирдиктүү республикалык округдан талапкерлер көрсөтүлүп, партиялык тизмедеги иретине карабастан алган добушуна жараша депутаттык мандат алуу мүмкүнчүлүгү каралган.

Президенттин жумушчу тобунун сунушу

Ошол эле кезде президент Сооронбай Жээнбеков түзгөн жумушчу топ да мыйзам долбоорун иштеп чыгып, комитеттин кароосуна сунуш кылганы белгилүү болду. Анда партияга гана добуш берүү ыкмасы өзгөртүүсүз калып, айрым толуктоолор менен кошо чектөөлөр да кирген.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов президенттик жумушчу топ иштеп чыккан мыйзам долбоорунун мазмунуна токтолду:

«Негизги өзгөчөлүк - биздин чет өлкөлөрдөгү жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу. Анткени азыркы убакта чет жерлердеги биздин 1 миллиондон ашуун жарандар добуш бере албай калып жатышат. Ошондуктан бул мыйзам долбоору чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү бар жерлердин баарында шайлоо участокторун ачып, аларды көбөйтүүгө негиз берет. Анан ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын добуш берүүсүн камсыздоо жагы да бар. Ошондой эле эң негизги маселе катары шайлоодо саясий партиялардын жана талапкерлердин жоопкерчилигин арттыруу боюнча ченем сунушталууда. Бул жерде мурда соттолгон же соттуулугу жоюлган жарандарды депутаттыкка талапкер катары каттоого чектөө койгон ченемдер бар. Жарандын кылмышынын оордугуна жараша анын соттуулугу жоюлган учурда да, мисалы, эгер ал жеңил кылмыш менен соттолсо, соттуулугу жоюлгандан беш жылдан кийин гана шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк берген ченем киргизилип жатат. Ошондой эле андан кийинки деңгээлдери боюнча жарандын соттуулугу жоюлгандан кийин 10 же 15 жылдан кийин гана шайлоого катышууга уруксат бере турган чектөөлөр бар».

Конституциялык укук чектелеби?

Анткен менен Конституциялык палатанын төрагасы Эркин Мамыров соттуулугу жоюлган адамды депутаттыкка талапкер катары каттоого тыюу салууну адамдын Баш мыйзамда кепилдик берилген фундаменнталдуу укугун чектеген ченем катары сыпаттаган:

«Жарандын шайлоо жана шайлануу укугу адамдын фундаменталдык укуктарына кирет. Бул Конституцияда бекитилген укук. Бул жерде кылмыштын ар кандай түрү болот - атайын жасалган кылмыш же байкоосуздан жасалган кылмыш. Оор кылмыш болот, жеңил кылмыш болот. Анан эми анын ичинен жеңил кылмыш иштери менен соттолгон жарандардын соттуулугу жоюлган учурда андай адамдардын шайлоого катышуу укугун чектөө туура эмес. Анткени ошондой чектөө жасалган кылмыштын оордугуна жана соттуулуктун жоюлушуна байланыштуу болот».

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Ишенбай Кадырбеков президент түзгөн жумушчу топ иштеп чыккан мыйзам долбоорунан шайлоо тутумунун кемчилигин оңдоону көздөгөн өзгөртүүлөрдү көрбөгөнүн айтты.

Ишенбай Кадырбеков анда шайлоо тутумун өркүндөтүүнү эмес, айрым чектөөлөрдү киргизген сунуштар камтылганын белгиледи:

«Эң негизги талап - бул шайлоочулардын парламенттин депутаттарын шайлоо боюнча укугун калыбына келтирүү. Бирок биздеги азыркы шайлоо мыйзамы боюнча, тилекке каршы, шайлоо бюллетендерине партиялар гана киргизилип, депутаттыкка талапкерлерди тандоо болбой калган. Ошол негизги кемчиликти оңдош керек болчу. Бирок президент түзгөн жумушчу топ буга көңүл буруп да койгон жок. Болгону мыйзамга редакциялык гана өзгөртүүлөрдү сунуш кылып, ошону стратегиялык деп атаган. «Оңдодук» деп жатышат. Эмнесин оңдойт, эгерде мазмуну ошол боюнча эле калып, айрым кошумча чектөөлөр эле кирип жаткан болсо? Бул Конституцияны жана шайлоочулардын укугун сыйлбагандык. Эгерде мыйзам долбоору ушул боюнча эле кала бере турган болсо, анда биздин шайлоо тутумубузда эч кандай өзгөрүү болбойт. Акчалуу адамдар мандаттарды сатып алып, парламентке келип, бийликтин каалоосун жана өздөрүнүн кызыкчылыгын гана ишке ашыруу менен алек болот».

Ошондой эле буга чейин вице-спикер Мирлан Бакиров баштаган парламенттин 16 депутаты демилгечи болгон, шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Анда партиялык шайлоо принциби сакталып, бирок партиялык тизмени түзүүдө аймактык өкүлчүлүк эске алынган. Бул мыйзам долбооруна ылайык, парламенттик шайлоодо өлкө шарттуу он үч округга бөлүнүп, ар бир партия ошол округдардан талапкерлерин көрсөтөт.