Кыргыз-казак чек арасында бир нече күндөн бери жүздөгөн оор жүк унаалары кезекте турушат

Иллюстративдик сүрөт

Бир нече күндөн бери «Ак-Тилек — Автодорожный» көзөмөл өткөрмө жайында жүздөгөн оор жүк унаалары кезекте турушат. 31-марттагы маалыматка ылайык, чек арадан 200гө чукул машина өткөн, бирок бул унаалар өтөөрү менен алардын ордуларына жаңылары келишүүдө.

Унаалардын топтолушуна Казакстан тарабынан оор жүк автоунааларды текшерүүнүн күчөтүлүшү себеп болгон. Азырынча коңшу өлкөнүн бийлиги текшерүүлөрдүн күчөтүлүшүнүн себебин түшүндүрө элек.

Кыргыз чек ара кызматынын маалыматына ылайык, машиналар жылып жатышат, бирок жай, ал эми кээ бир автоунаалар артка кайтышууда.

«30-мартта бир күндүн ичинде Казакстанга 150 машинаны өткөрүштү. Бирок, 150 автоунаа Казакстанга өткөнү менен, алардын ордуна ушундай эле сандагы унаа келип кезекке туруп калышты. Демек, машиналарды өткөрүшүп жатышат. Документтери казак тараптын талаптарына жооп берген автоунаалар өтүп жатат», — деп билдиришти мекеменин басма сөз кызматынан.

Ушул өткөрмө бекетиндеги 29-мартта дагы 140ка чукул машина кезек күтүп турган. Ал убакта башка бекеттерде машиналарды мурдагы режимде өткөрүп жатышканы маалымдалган.

Кыргыз - казак чек арасындагы жүк ташуучу унаалардын көйгөйү маал-маалы менен жүз берип турат. Алардын акыркысы 2017-жылдын күз айында катталган. Анда кыргыз жана казак бийлигинин чырынан улам оор жүк ташуучу унааларды Казакстан бир канча апта өткөрбөй койгон. Абал Сооронбай Жээнбеков президенттикке келгенден кийин турукташкан.