Токтоян айлындагы эски мектептин жанындагы курулушу беш жылдан бери аяктай элек жаңы мектеп. Сүрөт: Салават Жангабылов

Түп районунун Токтоян айылындагы Ашыралы Коёнгөзов атындагы №18 мектептин жаңы имаратынын курулушу беш жылдан бери бүтпөй келет. Жергиликтүү бийлик республикалык бюджеттен акча толук бөлүнбөгөндүктөн, курулуш аягына чыкпай келгенин билдирет. Ал арада 280 окуучу «авариялык абалдагы» мектепте окууга аргасыз.

Токтоян айылындагы №18 мектеп 1958-жылы 160 орунга ылайыкталып салынган. Мектеп администрациясынын айтымында, 2014-жылы имарат окутууга «жараксыз» деп табылган. Тиешелүү чечимди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Түп райондук бөлүмү чыгарган. Ага карабастан окуучулар аталган мектепте билим алууга аргасыз болушууда. Ага жаңы мектептин курулушу 5 жылдан бери бүтпөй келе жатканы себеп.

ӨКМдин корутундусу

«Балдарды кооптуу мектепке жиберүүгө аргасызбыз»

Дубалынан шыбактары ажырап калган эски мектеп. Сүрөт: Салават Жангабылов

Айыл тургундарынын бири Саламат Кайкиевдин мектеп жашындагы эки баласы бар. Ал балдарынын коопсуздугуна кабатырланып мектептин абалынан тез-тез кабар алып турат.

«Эски мектеп оңдолуп, көрүнүшү жакшырганы менен анча-мынча жаракалары дагы деле бар. Мектептин жаратылыш кырсыктарына туруштук бере алаарына көзүм жетпейт. Башка айлабыз жок, жакынкы жерлерде мектеп болбогондуктан, балдарды кооптуу мектепке жиберүүгө аргасызбыз», — деди ал.

Тарых мугалими Кадыркул Асанбаев 60 жыл аралыгында айылда күчү 7,5 баллга чейин жеткен эки жер титирөө болгонун айтат. Жарака кеткен мектеп имаратын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар ашар жолу менен оңдошконун кошумчалады.

Дубалынан жарака кеткен эски мектеп. Сүрөт: Салават Жангабылов

«Жарака кеткен жерлерине тор тартып, кум шыбак менен шыбап чыкканбыз. Мектептин чатырынан суу агып полу тешилген эле. Ага окуучулардын буту кирип кеткен учур да болгон», — деп эскерди ал.

Мектеп директору Калык Албанов жаңы мектептин курулушу узакка созулуп жатканын «Клоопко» ырастады. Башчы билдиргендей, курулуш иштери 2014-жылы декабрь айында башталган. 280 окуучуга ылайыкталган мектептин сметалык баасы 47 млн 600 миң сомго бааланып, тендерди «Эне-Сай» курулуш компаниясы жеңген.

«Мектептин курулушуна [республикалык бюджеттен] 2014-жылы эки миллион сом, 2015-жылы үч миллион сом бөлүнгөн. 2016-жылы каражат таптакыр эле каралган жок. 2017-2018-жылдары 13 млн сом бөлүнүп мектептин чатыры жабылган», — деп түшүндүрдү Албанов.

Ал орун жетишпегендиктен улам окуучулар «жараксыз» деп табылган класстарда билим алууну улантып жатышканын кошумчалады.

Мектептин курулушу 60 пайызга бүткөн

«Эне-Сай» курулуш компаниясынын жетекчиси Жамиля Зарлыкова мектептин курулушу 60 пайызга бүткөнүн билдирди. Ал курулуш иштеринин беш жылга созулушуна каражаттын толук бөлүнбөгөнү себеп дейт.

«Документтерде курулуш иштери “каржылоого жараша” жүргүзүлөт деп жазылган. Мектептин жана спорт залдын чатырын өз каражатыбызга жапканбыз. Анткени кыштан курулган дубалдар жамгырдын айынан жабыркашы мүмкүн эле. Жалпысынан 20 млн сомдук жумуш аткардык, мамлекет бизге 18 млн бөлгөн, 2 млн сом карыз», — деди Зарлыкова.

Жаңы мектептин корпусу. Сүрөт: Салават Жангабылов

Компаниянын башчысы калган каражаттын баары бөлүнсө, жылдын аягына чейин мектептин курулушу бүткөрүлмөк деп ишендирди.

Айыл башчы Курманбек Кайыков 2019-жылы бюджеттен үч млн сом каралганын айтты. Каражат толук бөлүнбөй жатканын өлкө боюнча курулушу керек болгон социалдык объектилердин көптүгү менен байланыштырат.

«Биз өкмөттөн дагы 10-12 млн сом бөлүп берүүнү талап кылып жатабыз. Бул боюнча финансы министрлигине, өкмөт өкүлдөрүнө кайрылуу жолдодук. Эгер аталган сумма берилсе мектеп 2020-жылы пайдаланууга берилип калат», — деп түшүндүрдү ал.

Алтынчы класстын окуучусу Мырзагүл Абдынапукова жаңы мектепте билим алгысы келет.

«Класстар жетишпегендиктен эртең менен окушу керек болгон иним түштөн кийин окуйт. Дагы бир көйгөй мектепте спорт зал жок. Түп району боюнча биздин эле мектеп ушундай [авариялык] абалда болгондой сезилет. Мен деле жаңы мектепте окусам дейм», — деп кейиди ал.

Өлкө боюнча «авариялык абалдагы» 193 мектеп бар

Кыргызстан боюнча эки миңден ашуун мектеп бар. Анын 193ү «авариялык абалда» деп табылган, алардын 42и Ыссык-Көл облусунда орун алган. «Булан Институту» бейөкмөт уюмунун маалыматы боюнча, айрым авариялык мектептерде окутуу дагы деле улантылып жатат.

Институттун баяндамасына ылайык, 2017-жылы сөзсүз каржыланышы керек болгон имараттардын тизмесине 329 социалдык объект кирген. Анын ичинен 192и мектеп, алар «узакка созулуучу» курулуштун катарын толуктайт.

Билим берүү министрлиги 2013-жылы UNICEF жана USAID эл аралык уюмдарынын финансылык жана техникалык колдоосу менен өлкөдөгү бардык мектептердин коопсуздугуна баалоо жүргүзгөн. Жыйынтыгында Кыргызстандагы мектептердин 84 пайызы коопсуз эмес болуп чыккан. Ал эми алардын 80 пайызы СССР мезгилинде курулганы аныкталган. Бул көрсөткүч өлкөдө авариялык абалдагы билим берүү мекемелердин саны жыл сайын өсөт дегенден кабар берет.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, Кыргызстанда жалпы билим берүү мекемелеринде окугандардын саны жыл сайын өсүүдө. Мисалы, 2012-жылы 1 миллион 12 миң окуучу болсо, 2017-жылга карата алардын саны дээрлик 160 миңге көбөйгөн. Билим берүү министрлиги өлкөдөгү мектептер 600 миң орунга ылайыкташканын билдирет. Демек, республиканын жалпы билим берүү тармагы окуучуларды эки эсе ашыкча кабыл алат.

Редактору: Элвира Султанмурат кызы