Сүрөт: strana.ua

Украинада президенттик шайлоонун биринчи туру башталып, ага рекорддук сандагы талапкерлер катышууда — 39 адам. Алардын арасындагы эң белгилүүлөрү — президент Пётр Порошенко, мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенко жана актёр Владимир Зеленский. Биринчи турдун жыйынтыктарын 10-апрелде гана жарыялашат, бирок, эгер анын жыйынтыгы боюнча бир дагы талапкер 50 пайыздан ашык добуш албаса, анда экинчи турду 21-апрелде өткөрүшөт.

Бул Евромайдандан кийинки экинчи шайлоо. Аннекцияланган Крым жана Украинага баш ийбеген Донбасстын тургундары да өз талапкерлерине добуш бере алышат. Бирок, бул үчүн алар Украина бийлигинин башкармалыгындагы аймакка чыгуулары керек.

Украинанын ИИМи менен байкоочулары ар кандай эреже бузуулар, ал тургай шайлоочулардын добуштарын сатып алуулар тууралуу маалымдап жатышат. Шайлоого жалпысынан 2400 эл аралык байкоочу көз салып турат, бирок алардын арасында орусиялыктар жок.

Кыргызстандын аймагында жашап жаткан Украинанын жарандары Бишкектеги өз элчилигинин имаратында добуш беришет.

Президенттикке талапкерлер

Президенттикке ат салышкан талапкерлердин саны рекорддук көрсөткүчкө жеткендиктен, добуш берүү бюллетендери 80 сантиметрге чукулдаган. Жарышка 39 талапкер катышууда — экөөсү талапкерлигин кеч алышкандыктан, алардын ысымдары бюллетендерде жазылып калган. Алгач, 40тан ашуун талапкер шайлоого катыша тургандыгын билдирген.

Украинанын президенттик ордун кимдер ээлегиси келет?

Сүрөт: Владимир Зеленскийдин инстаграмы

Сурамжылоолордун күтүүсүз лидерлеринин арасында белгилүү «Слуга народа» долбоорунда башкы ролду ойногон актёр жана шоумен Владимир Зеленский бар.

Ошондой эле, лидерлердин катарын азыркы президент Пётр Порошенко жана «Батькивщина» партиясынын башчысы Юлия Тимошенко толуктайт.

Сүрөт: Олег Ляшконун инстаграмы

Мындан тышкары, социалдык сурамжылоолорго ылайык, жеңишке жетүүдө орусчул деп аташкан энергетиканын мурдагы министри Юрий Бойкодо, шайлоого үчүнчү ирет катышып жаткан коргоонун экс-министри Анатолий Гриценкодо жана 2014-жылдагы шайлоодо үчүнчү орунга чыккан «Радикалдык партиянын» лидери Олег Ляшкодо жакшы мүмкүнчүлүктөр бар.