Кыргыз-казак чек арасындагы оор жүк ташуучу уналар. Сүрөт: Кыргызстанды айыл чара министрлигинин басма сөз кызматы

Казакстандын чек ара кызматы өзүнүн Чүй облусу менен чектешкен «Карасу» өткөрмө бекетинде көзөмөлдү күчөткөн. Бул Кыргызстандан чыгып бараткан жүк ташуучу унаалардын кезек күтүүлөрүнө алып келген.

Тыгын соңку эки апта ичи, тагыраагы 19-марттан тарта уланууда. Унаалардын чогулуп калганы «АкТилек — Атодорожный» көзөмөл өткөрмө бекетинде гана байкалып жатат, Кыргызстандын башка өткөрмө түйүндөрүндө мындай маселе жок.

Казак бийлигинин версиясы боюнча, оор жүк ташуучу унаалар кароодон өтүүдөн баш тартышкандыктан же документтери туура эмес болгондуктан чек арадан өтө албай турушат.

«Казакстандын мамлекеттик чек арасында мониторинг жүргүзүлүп жатат жана керек болгон учурда тыюу салынган товарларды табуу максатында транспорт каражаттары текшерилүүдө», — деп билдиришти Казакстандын чек ара кызматкерлери.

Кыргызстандын чек ара кызматы тыгын документтеринде маселе бар айдоочулардын айынан жаралганын билдирет.

«Бул жерде көзөмөл өткөрмө бекетинин өзүндө [“Ак-Тилек — Автодорожныйда”] кезек күтүү жана тыгындар жок экенин түшүнүү керек. [...] Чек ара жабык эмес, эч кандай чектөө жок. [Оор жүк унааларынан турган кезек] — бул эки өлкөнүн чек арачыларынын күнөөсү эмес. Алардын документтери туура эмес болгону айдоочулардын өздөрүнүнүн күнөөсү», — деди «Клоопко» мекеменин басма сөз катчысы Салкын Абдыкариева.

Абдыкариеванын айтымында, чек аранын кызматкерлери документтеринде маселе бар айдоочуларды таркоого жана баш аламан жаратпоого суранып жатышканы менен алар «кетпей турушат».

«Алар Оштон жана Баткенден келишкенин жана артка кайтууну каалабасын айтышып, [алардын] фирмалары документтерин тууралап берүүлөрүн күтүшүүдө», — деп билдиришти чек ара кызматынан.

Өз кезегинде Кыргызстандын бийлиги абалды жөнгө салууга аракет жасап атышканын билдирди — бул туурасында президенттик аппараттын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана каржы бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Иманалиев 24.kgнин журналисттерине айткан. Ал билдиргендей, Казакстан «эл керектеген товарлар боюнча гана» күчөтүлгөн текшерүү жүргүзүп атат, ал эми айыл чарба продукциялары чектөөсүз өткөрүлүүдө.

Жүк ташуучулар эмне деп жатышат?

Жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Айдар Турсуниязов «Клоопко» билдиргендей, тыгындарга Казакстандын чек арачылары Кыргызстан аркылуу ЕАЭБдин аймагына кирип жаткан Кытайдын товарларын дыкат текшерип жатканы себеп болууда.

Турсуниязовдун айтымында, казак кызматкерлери кыргыз чек арачыларына ишенишпейт — текшерүүнүн начардыгынан ЕАЭБдин аймагына аткез товарлар кирип кетүүдө. Ошондуктан алар кытай товарлары «алардын Кытай менен чектеш чек ара бекети аркылуу өтүүсүн» каалашууда.

«Алар [кытайлык товарлар] Кыргызстан аркылуу эмес, Хоргос аркылуу гана [өтүшүн] каалашууда. Ошондуктан чек арада ушундай абал [түзүлдү]. Бул казактардын ээн баштыгы. Жыл сайын ушинтишет, тажатышты. [...] Биз кыргыз бийлигине кайрылып көрдүк, бирок алар эч нерсе кыла албайбыз деп жатышат», — деди ал.

Турсуниязовдун айтымында, казак чек арачыларынын текшерүүлөрүнөн кыргызстандык айдоочулар «чыгым тартышууда».

Кыргыз-казак чек арасынан оор жүк автоунааларын өткөрүү маселеси байма-бай жаралып турат. 2017-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев менен казак бийлигинин араздашуусунан улам Казакстан чек арадан өткөрүү эрежелерин катаалданткан.

Казакстан ошол убакта бир ай бою чек арадагы кыргыз товарларын текшерүүнү күчөтүп, ошондой эле чектөөлөрдү да киргизген. Мамлекет бул аракеттерин кыргыз продукциясы «ЕАЭБдин талаптарына дайыма эле жооп бербейт» деп түшүндүргөн.