Өкмөттүн Баткен облусундагы жаңы өкүлү Акрам Мадумаров. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Акрам Мадумаров дайындалды. Тиешелүү жарлыкка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 1-апрелде кол койду. Мадумаров жөнүндө эмне белгилүү?

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Мадумаровду Баткен облусунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тааныштырып жатып, аны тажрыйбалуу мамлекеттик кызматкер экендигин баса белгилеген.

«Акрам Мадумаров облустун эң ири Кадамжай районунун акими болуп иштеген. Ошондой эле борбордук бийлик органдарында жетекчилик кызматтарда эмгектенген. Ал аймактын көйгөйлөрүн, орун алган маселелердин маңызын жакшы билет, анын дайындалышы Баткен облусун мындан ары карай өнүктүрүүдө кызмат өтөйт деп ишенем», — деп түшүндүргөн өз чечимин премьер-министр.

Аткаминер, ветеринар, биология илиминин кандидаты 

Өкмөттүн Баткендин башчысы болуп дайындалган Акрам Мадумаров 42 жашта. Ал облустун Кадамжай районундагы Кара-Дөбө айылында туулуп-өскөн.

1999-жылы Кыргыз агрардык университетинин ветеринар адистигин аяктаган. Андан кийин ушул эле окуу жайдын аспиранты болуп, кийинчерээк улук окутуучусу болуп иштеген. Илимий даражасы боюнча Мадумаров биология илимдеринин кандидаты. Мындан тышкары, ал Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын аяктаган.

2006-2008-жылдары президенттин иш башкармалыгынын уюштуруу, өндүрүш жана протоколдук иш-чаралар бөлүмүнүн референти, 2008-2009-жылдары президенттин түштүк резиденциясынын иш башкармалыгынын директорунун орун басары жана 2009-2013-жылдары президенттин иш башкармалыгында протокол иш-чараларды уюштуруу бөлүмүнүн башчысы кызматтарын аркалаган.

2013-2017-жылдары Кадамжай районунун акими болуп иштеген. 2017-жылдын июнь айынан сентябрга чейин президенттик аппараттын биринчи орун басары болгон. 2017-жылдын сентябрынан тарта Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси болуп турган.

Абиш Халмурзаев кызматтан эмнеге кеткен?

Баткен облусунун башчылыгынан бошотулган Абиш Халмурзаев. Сүрөт: «Спутник»

Абиш Халмурзаев Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп 2006-жылдан бери эмгектенип келген. Аталган кызматка жаңы жетекчи дайындалганын өкмөттөн Халмурзаев башка кызматка которулганына байланыштуу деп түшүндүрүшкөн. Бирок ал кайсы кызматка бараарын так айтышкан эмес.

Маалымат каражаттары Халмурзаевдин кызматтан кетишине 13-14-марттагы кыргыз-тажик чек арасындагы элдин нааразычылыгы себеп болгон деп жазып чыгышкан. Ал жетектеп турган учурда кыргыз-тажик чек ара чырынан, эки тажикстандык каза болуп, үч кыргызстандык жарадар болгон.

Ушул жылдын башында «Азаттыктын» кабарчысы Ыдырыс Исаков ошол учурдагы өкүл Абиш Халмурзаевге байланыштуу иликтөөсүн жарыялаган.

Анда Халмурзаевдин үй-бүлөсү 2012-жылы мамлекеттик резервдеги эки миң тонна данды сарптап, ал үчүн эч кандай жоопкерчиликке тартылбагандыгы айтылган.

Редактору: Элвира Султанмурат кызы

ТЕМА БОЮНЧА: