Экономика министрлиги чек арадагы абалдын айынан Казакстанды ЕАЭБдин жоболорун бузууда деп айыптады

Кыргыз-казак чек арасындагы оор жүк ташуучу уналар. Сүрөт: Кыргызстанды айыл чара министрлигинин басма сөз кызматы

Кыргызстандын экономика министрлиги Казакстандын бийлигин Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) ченемдерин бузду деп күнөөлөөдө. Бул айыптоолор кыргыз бийлигинин Казакстандын кыргыз-казак чек арасындагы күчөтүлгөн көзөмөлүнө карата болгон реакциясы болуп калды.

Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, мекеме кыргыз-казак чек арасында түзүлгөн абалдын айынан ЕАЭБдин мүчөлөрүн консультация жүргүзүү үчүн Бишкекке чакырууну сунуштаган. Казакстан көзөмөлдү 19-мартта күчөткөн. Ошондон бери чек арада жүздөгөн оор жүк унаалары кезек күтүп топтолуп калган.

Кыргызтандын бийлигинин баамында, Казакстан ЕАЭБдин ички рыноктогу товарлардын эркин жүрүүсү тууралуу жобону бузууда. Казакстан айдоочулардын

эл аралык товардык-транспорттук коштомо барагын, товардык-транспорттук коштомо барагын, эсеп фактурасын, транспорт каражатына техпаспорт жана чек арадан өтүү талонун текшерет.

«Мындай иш-аракеттер жашыруун бажы көзөмөл жүргүзүү болуп саналат, ал Бирликтин ченемдерине түп-тамырынан каршы келет жана ЕАЭБ жөнүндө келишимдин 25-беренесинин ЕАЭБтин ички рыногунда товарлардын эркин жүрүүсүн камсыздоо бөлүгүндөгү жоболорду бузууга жол берүүдө», — деп айтылат мекеменин маалыматында.

Экономика министрлиги казак бийлигинин аракеттери кыргыз товарлары менен камсыздоочуларынын ортосунда финансылык жоготууларга алып келет деп эсептешет. 3-апрелге карата маалыматтарга ылайык, «Ак-Тилек — Автодорожный» көзөмөл өткөрмө бекетинде 250гө чукул жүк ташуучу унаа чогулуп калган.

Кыргыз-казак чек арасындагы тыгын

Казакстандын чек ара кызматы өзүнүн Чүй облусу менен чектешкен «Карасу» өткөрмө бекетинде марттын ортосунан тарта көзөмөлдү күчөткөн. Бул жүздөгөн оор жүк унааларынан турган кезек күтүүлөргө алып келген.

Казак бийлигинин версиясы боюнча, оор жүк ташуучу унаалар кароодон өтүүдөн баш тартышкандыктан же документтери туура эмес болгондуктан чек арадан өтө албай турушат. Кыргызстандын чек ара кызматы тыгын документтеринде маселе бар айдоочулардын айынан жаралганын билдирет.

Кыргыз жү ташуучулары кыргыз-казак чек арасынан өтүүдө биринчи жолу элек кыйынчылыктарга туш болуп жатышкан жок. 2017-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев менен казак бийлигинин араздашуусунан улам Казакстан чек арадан өткөрүү эрежелерин катаалданткан.

Ал учурда Казакстан бир ай бою кыргыз товарларын чек арада күчөтүлгөн тартипте текшерип, чектөөлөрдү киргизген. Коңшу мамлекет өзүнүн иш-аракетин кыргыз продукциялары «дайыма эле ЕАЭБдин талаптарына жооп бере бербейт» деп түшүндүргөн.