Экс-президенттер Алмазбек Атамбаев жана Роза Отунбаева. 2015-жылдын 7-апрели

Парламенттин отуруму 4-апрелде өттү. Мыйзам үчүнчү окууда каралган: аны 111 депутат колдоп, үчөөсү каршы добуш беришти. Мыйзам долбоордун авторлорунун бири депутат Исхак Масалиев каршы добуш берди.

Мыйзам президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон соң 10 күндөн кийин толук күчүнө кирет.

Экс-президент эгер башкы прокурор аны мамлекет башчы болуп турганда кылмыш кылган деп айып тагып, ал эми парламент башкы прокурордун айыбын колдой турган болсо ал өзүнүн макамынан жана кол тийбестигинен ажырап калышы мүмкүн. Андан кийин мурдагы өлкө башчысын кылмыш жоопкерчилигине тарта алышат.

Бул ишти башкы прокуратура менен парламент аткарат. Экс-президентти парламент депутаттарынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен гана кылмыш жоопкерчилигине тарта алышат.

Мындан тышкары, экс-президентке өзүнүн президенттик мөөнөтү аяктаган соң саясий ишмердик кылууга же мамлекеттик кызматтарды ээлөөгө тыюу салынат. Антпесе, аны өмүрүнүн аягына чейинки мамлекеттик материалдык колдоодон ажыратып коюшу мүмкүн.

Юрист Замир Жоошев Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзам долбоорун «конституцияга каршы келет» деп эсептейт. Аны экс-президент 2007-жылдын октябрынан тарта жасалган иш-аракеттер үчүн жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн деген жобо ойго салган. Жоошев бул талап «мыйзам артка иштебейт деген принципти бузат» деп эсептейт.

«Жаңы өзгөртүүлөрдүн күчү өткөн чакка тиешелүү болбошу керек. Бул мыйзамсыз жана конституцияга туура келбейт. Бул жерде саясий кызыкчылыктардын таасири үстөмдүк кылып кетти», — деди юрист.

Кыргызстанда экс-президент деген макамды алып жүргөн эки адам бар: Роза Отунбаева жана Алмазбек Атамбаев. Ал эми буларга чейинки мурдагы эки президент Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев 2005 жана 2010-жылдардагы революциядан кийин бул макамдан ажыратылышкан.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин кол тийбестигин 2010-жылдын апрелиндеги революциядан кийин бийликке келген Убактылуу өкмөт жокко чыгарган

Ошондон кийин Бакиевдин үстүнөн сот процесси башталган, бирок ал ошол кезде Беларусияда жүргөн. Ошол эле жылы августта Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев да кол тийбестиктен ажыратылган.

Мыйзамды экс-президент Алмазбек Атамбаев менен азыркы өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы араздашуунун шартында кабыл алышты.