Иллюстративдик сүрөт / EPA

Орусиянын ички иштер министрлиги өлкөдөн чыгарылган чет элдиктерди алардын депортациясына кеткен чыгымдардын ордун толтурууга милдеттендирүүчү мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

«Өлкөдөн чыгарылган чет элдик жаран анын депортациясы тууралуу чечимди аткарып, федералдык бюджеттен сарпталган чыгымдардын ордун толтурууга милдеттүү», — деп ушул багыттагы буга чейин бар болгон мыйзамдын оңдоолорунда жазылат.

Депорттолгон чет элдик жаран аны өлкөдөн чыгарууда кеткен акчалардын ордун толтуруп бергичекти анын Орусияга кирүүсүнө тыюу салууну каалашууда.

Орусиянын ИИМи чет элдиктерди алардын эсебинен депорттоо — бул эл аралык практика деп эсептейт. Мекемеден белгилешкендей, алардын сунушу «ЕАЭБ боюнча макулдашууларга жана эл аралык келишимдерге каршы келбейт».

Эгер ИИМдин сунушун Мамлекеттик дума жактырып, президент кол койсо ал күчүнө кирет.

Орусиядагы чет элдик жарандар миграциялык мыйзамдарды бузганда, жасалма документтер жана башка олуттуу тартип бузууларды жасаганда депорттолот.

Бир кишини өлкөдөн депортация кылуу үчүн Орусиянын казынасы болжолдуу 40 миң рубль коротот. ИИМдин маалыматына ылайык, 2018-жылы Орусиядан 6 миң чет элдик жаран чыгарылган, ал эми Орусиянын миграциялык кызматынын кара тизмесине 250 миң киши түшкөн.

2017-жылы ушуга окшош мыйзам долбоорун Мамлекеттик думанын депутаты Владимир Сысоев сунуштаган. Анын идеясы боюнча, Орусия чет элдиктердин депортациясын төлөөнү токтотуп, ал эми өлкөгө келген башка мамлекеттердин жарандары «өздөрүнүн депортация жана чыгаруу тобокелдигин камсыздандырышмак».

«Бул көрсөтүлгөн иш-чараларга кеткен федералдык бюджеттин ири чыгымдарын гана азайтпастан, “ийгиликтин жентльмендерин” мекендерине айдап жиберүүнү да тездетет», — деп айткан ошондо Сысоев.

Орусиянын бийлиги мындай идеяны бюджетти үнөмдөө деп түшүндүрүүдө. 2017-жылы Орусияда Федералдык миграция кызматын таратып, анын чет элдиктерди депорттоо милдеттерин ИИМге өткөрүп беришкен. Бирок ИИМдин бюджетинде аларды өлкөдөн чыгарууга акча каралган эмес.

Бул мыйзам долбоору Кыргызстандын жарандарына да тиешелүү болобу?

2012-жылы Кыргызстан менен Орусия реадмиссия тууралуу эки тараптуу макулдашууга кол коюшкан. Ага ылайык, эгер кыргызстандыктар Орусиядан чыгып кетүүсүн төлөй алышпаса, анда алардын депортациясына кеткен чыгымдарын орусиялык бийлик алуусу макулдашылган.

«Прецедент» компаниясынын юристи Замир Жоошев «Клоопко» билдиргендей, ИИМдин депортация боюнча өзгөртүүлөрү кыргызстандыктарга тиешелүү эмес болушу ыктымал. Анткени Орусия эл аралык макулдашууларды өз мыйзамдарынан жогору коёт. «Бирок бул Орусия Кыргызстан менен болгон макулдашууга өзгөртүү киргизбеген учурда гана ишке ашат», — деп кошумчалады ал.

Ушундай мүмкүнчүлүк документтин өзүндө жазылган: ага кошумчалоодон тышкары, орусия жана кыргыз тараптары макулдашуунун иштешин токтотуп же үзүп салышы мүмкүн.

«Бирок эгер Орусиянын өкмөтү [келишимди] үзсө, анда ал Кыргызстан үчүн олуттуу эмес жана ушул сыяктуу макулдашууларды түзбөй турган өнөктөш катары көрүнөт», — деди Жоошев.

Орусиядан депортациялануудан кутулуу мүмкүнбү?

Эгер Орусиянын миграциялык тартибин бузган адам өз эрки менен өлкөдөн чыгып кетсе — анда ооба, мүмкүн.

Ал үчүн самолётко же поездге билет алып, полициянын көзөмөлү алдында Орусиянын чек арасынан чыгып кетүү керек. Мигранттар үчүн бул ченемди да 2017-жылы Орусиянын ИИМи иштеп чыккан. Бирок бул тартип бузган адам өлкөгө кирүүдөгү тыюу салуудан кутулуп, кара тизмеге түшпөйт дегенди билдирбейт. Кара тизмеге түшкөн адам өлкөгө кайра кирүүгө тыюу салуунун мөөнөтүнүн аякташын күтөт.

Анткени менен, Орусиянын бийлиги мезгили менен кара тизмени тазалап турушат, айрыкча бул кыргыз мигранттарына тиешелүү. 22-марттан тарта Орусияда кыргызстандыктарга кезектеги мунапыс берүү жүрүүдө. Кыргызстандын мамлекеттик миграция кызматынын маалыматына ылайык, Орусия өлкөгө кирүү чектөөсүн дээрлик миң кыргызстандык үчүн алып салган.