Жеңиш Разаков фейктер үчүн депутаттарды сотко берет

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдиргендей, депутаттар анын тажик атайын кызматтарына тиешеси бар тууралуу фейктерди парламенттин трибунасынан жайылткандыгы үчүн ал эл өкүлдөрүн сотко берет. Парламентарийлер айың кептерден кийин Разаковдун отставкасын талап кылышкан эле.

Разаков 4-апрелде Govori.TVнин журналистине курган маегинде билдиргендей, ал анын тажик атайын кызматтарына «тиешеси бардыгы» тууралуу маалыматтар үчүн УКМКга арыз жазган.

«Мен Баткенде 19 жыл иштегем — жөнөкөй милиционерден баштап губернаторго чейин жеткем. 1999-2000-жылдары мен жерибизди террористтерден коргогом. Мен үчүн офицердин мундири менен намысы баарынан жогору турат. Мен эч качан Кыргызстандын кызыкчылыктарына зыян келтирген аракеттерди жасабайм жана мындай документтерге да кол койбойм», — деди Разаков.

Мындан тышкары Разаков парламенттин депутаттары бул маселени көтөрүп, анын отставкасын талап кылышканга чейин ал бул фейктерге көңүл бурбай келгенин билдирди. Аткаминер парламентарийлерди сотко берүүгө камынууда.

«Социалдык тармактарга, интернетке чыгып жаткандардын баары — фейк. Мен бул жөнүндө адис менен сүйлөшкөм, көңүл бурбай эле коюш керек деп айткам. Бирок кээ бир депутаттар мындай фейкке таянып парламентте бул маселени көтөрүп чыгышты», — деди ал.

Мурдараак УКМК менен Өкмөт Разаковдун тажик атайын кызматтарына болгон катыштыгын четке каккан. Бул кептер Кыргызстан менен Тажикстандын чектеш аймактарында чыккан чырдан кийин пайда болгон — сүйлөшүүлөр учурунда Разаков Кыргызстандын делегациясынын башында турган.

Разаковдун тажик атайын кызматтары менен байланышы бар экендиги тууралуу маалымат Тажикстандын ЖМКларында 2016-жылы эле пайда болгон жана маал-маалы менен аткаминер жаңы кызматтарга дайындалып жатканда айтылып турган.