Сүрөт: Нина Горшкова \ Слово Кыргызстана

Нина Горшкова 2010-жылдын 7-апрелинде иштеп, тарыхый жактан маанилүү кадрларды чагылдырып калышкан фотосүрөтчүлөрдүн бири болгон.

Горшкова «Слово Кыргызстана» гезитинин фотосүрөтчүсү болгон. Кийинчерээк ал 2010-жылдагы окуяга арналган көргөзмө өткөргөн. Ошол көргөзмөдөгү сүрөттөрдүн бардыгын бул жерден көрсөңүз болот.

2010-жылы 7-апрелде митингчилерге каршы курал колдонулуп, 80ден ашуун адам каза тапкан. Ал эми Кыргызстандын экинчи президенти Курманбек Бакиев үй-бүлөсү менен башында өлкөнүн түштүгүнө, андан соң Беларуска качкан. 7-апрель окуясы расмий элдик революция деп аталып келет.