Валентина Шевченко күйөрмандары менен жолугушуу учурунда. Сүрөт: Kloop.kg үчүн тарткан Тилек Бейшеналиев

Мушташтын аралаш түрү боюнча UFC версиясындагы дүйнө чемпиону Валентина Шевченко 8-апрель күнү «Бишкек Парк» соода борборунда күйөрмандары менен жолугушту. Спортчу айым менен жолугушууга жүздөгөн адам келген.

Шевченко Кыргызстанга 7-апрель күнү кечинде учуп келген. Аны «Манас» аэропортунда вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, андан тышкары, шаардык парламенттин спикери Жаныбек Абиров тосуп алышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков да Шевченко менен жолугушуп, аны «Даңк» медалы менен сыйлаган.