Сооронбай Жээнбеков жана Валентина Шевченко. Сүрөт: Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 8-апрелде мушташтын аралаш түрү боюнча UFC версиясындагы дүйнө чемпиону Валентина Шевченко менен жолугушту. Өлкө башчысы ага спорттогу жетишкендиктери, ошондой эле өлкөнүн намысын көп жылдан бери коргоп келгендиги үчүн ыраазычылыгын билдирди.

«Бүт өлкө, биздин жүз миңдеген жарандар сиздин спорттук ийгиликтериңерге тынымсыз байкоо салып, жалындуу күйөрман болушууда. Таза жана татаал күрөштө жеңген медалдарыңар биздин көп улуттуу өлкө үчүн өзгөчө баалуу», — деди президент.

Жээнбеков спортчуга мамлекеттик «Даңк» медалын ыйгарды — аны менен спортту жайылтуу, анын ичинде башка эмгектер үчүн сыйлашат. Мынданы тышкары, мамлекет башчысы Шевченконун машыктыруучусу Павел Федотовго «Кыргызстандын ардактуу машыктыруучусу» наамын ыйгарды.

Валентина Шевченко — Кыргызстанда туулган мушташтын аралаш түрү бюнча UFCнин мушкери. 2018-жылы ал Йоанна Йенджейчикти утуп, эң жеңил салмак боюнча дүйнө чемпиону аталган.

Авторлошу: Асел Осмонгазиева