«Медуза» басылмасы 2017-жылдын апрелинде Санкт-Петербургдун метросун жардырууну уюштурууга айыпталып жатышкан Борбор Азиянын атуулдары тууралуу репортаж жарыялады. Анда 17 адам жардыруунун курмандыгы болуп, 100дөн ашуун адам жарадар болгон. Тергөө жардырууда мүрт кеткен Кыргызстандын атуулу Акбаржон Жалиловду терактын уюштуруучусу деп атоодо.
Санк-Петербургдун соту ишти 2-апрелде карап баштаган. Теракт өзү эки жыл мурун 3-апрелде орун алган. Соттолуучу катары 11 адам өтүп жатат: 10 эркек жана бир аял. Алардын баарын бир нерсе бириктирет — баары терактка болгон катыштыгын төгүндөшөт.
Аялдын аты Шохиста Каримова. Ал өзүнүн артында отурган эркектерден да үнүн өктөм чыгарып, айыпты токулган деп атоодо. Каримова кармалган соң, ФККнын кызматкерлери андан граната, детонатор жана микросхемаларды табышкан. Аял болсо мунун бардыгын ага байкатпай ыргытып коюшкан деп ырастайт.
«Тинтүү жүргүзүү учурунда билгизбей граната салып коюшкан. Ошондуктан азыр бул жерде жүрөм [...] Орусиянын алдында менин эч кандай күнөөм жок… Менин абийирим ак», — дейт ал.
Дагы башка айыпталуучу Акрам Азимовду кармоо учурунда да граната табылган. Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФКК) анын кармалгандыгы тууралуу 2017-жылдын 19-апрелинде кабарлаган. Ал учурда атайын кызмат Азимов Москванын аялдамаларынын биринде отурган жерден кармалгандыгы тартылган видеону жарыялап, анын баштыгынан граната тапкан.
Азимовдун жактоочусу Ольга Динзе видеону «атайлап тартылган» деп атап, кардарын Кыргызстандын ооруканалырынын биринде дарыланып жаткан жеринен жашыруун чыгарып кетишкенин билдирген.
Кыйноолорго даттануу
Теракт иши боюнча айыпталгандардын аз дегенде үчөөсү ФККнын «жашыруун түрмөсү» делген жерде кыйноого алынышканына даттанышкан. Аброр жана Акрам Азимовдор, анын ичине Мухамадюсуп Эрматов да 2017-жылы май айында бир нече күн бою бейтааныш бир имаратта кармалгандарын ырасташкан.
Эркектердин айтуусу боюнча, аларды сабашып, электр тогу менен кыйнап, ошондой эле уктатпай жана тамак жедирбей кыйнашкан. Мындан тышкары, Акрам Азимов психологиялык кыйноолорду баяндап берген — анын көз алдынча аялын зордуктоо менен коркутушкан.
Айыпталуучулардын айтымында, алардан терактты пландоону, ошондой эле божомолдонгон аткаруучу Акбаржон Жалилов менен тааныш экендигин моюнга алууларын талап кылышкан.
«Жашыруун түрмөнүн» бар-жогун аныктоо мүмкүн болгон жок — деп жазышат Republic басылмасынын журналисттери. Алардын божомолунда түрмөнүн имараты Москванын түштүк-батышында жайгашкан болушу ыктымал.
«Медузанын» укук коргоо органдардагы булагы кабарлагандай, теракттан кийин атайын кызмат жардырууну аткарган болушу ыктымал Акбаржон Жалилов менен кандайдыр бир байланышы бар болгондордун баарын кармаган. Күч органдары кармалгандарга кылмыш жөнүндө кабарлабоо беренесине туш болушканын негиздеп, аларды кармай алышмак.
Орусиянын мыйзамдарында адам теракт даярдоо жөнүндө биле ала турган булактардын так тизмеси жазылган эмес: бул жеке сүйлөшүү да, мессенжердеги кат жазышууда болушу мүмкүн.
«Терактан кийин башка жардырууларга жол бербөө башкы максат болгон. Андай болгон жок — демек, кызматкерлер [атайын кызмат] өз милдетин аткарышты», — дейт «Медузанын» маалымат булагы.
Айыпталуучулардын ата-энелеринде адвокаттарды жалдоого акчалары жок
Сотто айыпталуучулардын туугандары жокко эсе. Айыпталуучулардын биринин апасы Яркинай Мирзаалимова алардын көпчүлүгү жада калса Санкт-Петербургга келүү үчүн акча топтоого чамалары жок экенин айтат. «Үй-бүлөлөрдүн бир бөлүгү адвокат да жалдай алышпайт», — дейт Мирзаалимова.
Сотто төрт айыпталуучунун кызыкчылыктарын юрист Марат Сагитов коргойт, бирок судья иштин материалдары менен таанышуу үчүн ага кошумча убакыт бербей жатат.
Азимовдор — теракт иши боюнча айыпталып жаткан жалгыз эле бир туугандар эмес. Ибрагимжон жана Мухамадюсуп Эрматовдор да теракты уюштурууга айыпталышууда.
Алардын атасы Баходыр Эрматов балдарынын күнөөcү жоктугуна ишенет. Анын айтымында, тергөө анын балдары Жалилов менен «Суши Вок» кафесинде 2015-жылы чогу иштегени үчүн гана күнөөлү болуп калышкан деп эсептейт.
«Менин балам бир нече жыл бою Жалилов менен сүйлөшпөгөнүнө карабай айыпталуучу болуп калды. Мындай принцип боюнча кимди кааласаң ошону террорист деп атап койсоң болот. Февраль айында өзүм да бул Товарищеский проспектисиндеги батирде жашагам [тергөө батир теракт уюштуруучуларынын үйү болгон деп эсептейт]. Эгер кетип калбаганымда өзүм деле айыпталуучу болуп калмак экенмин», — дейт Бахадыр Эрматов.
Аны Яркинай Мирзаалимова да колдойт: «Менин балам жөн гана туура эмес убакта, туура эмес жерде — ушул батирде болуп калган. Биз Орусиянын мыйзамына баш ийген жарандарбыз. Орусия бизди багып жатса, кантип ага жаман бир нерсе кылмак элек?» — дейт ал.
Ал орус элинин алдында абийири ак экенин айтып, президент Владимир Путинге кайрылуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. «Ошол террористтерге наалат! Ошол шүмшүктөр менен акмактардын айынан азыр күнөөсүз балдар [түрмөдө] отурушат. Биз үчүн Кыргызстанда “террорист” деген сөз адам өлтүргүч катары эле кабыл алынат», — дейт ал.