Өмүрбек Текебаев камакта. Ал Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары болуп турган учурдагы коррупция үчүн соттолгон. Саясатчы өз күнөөсүн мойнуна алган эмес. Сүрөт: Игорь Коваленко / 24.kg

Оппозиционер Өмүрбек Текебаев 2010-жылдагы революция тууралуу «Азаттык» радиосуна интервью берди. Саясатчынын басылмага курган маегин кыскача баяндап беребиз.

Бийликтин алмашуусуна алып келген курултайлар тууралуу. Текебаев оппозициячыл саясатчылар менен партиялар 2009-жылы эле биригип, ал эми жайында аймактарда курултайларды өткөрө башташканын айтып берди. Анын айтымында, алар курултайлардын жардамы менен бийликти алмаштырууну максат кылышкан эмес. «Ошол 2010-жылдын апрелинде өтө турган курултайдын бийликти алмаштыруу менен бүтүшүн орустар да, америкалыктар да, Бакиев да, оппозиция да - эч ким билген эмес», — деди ал.

Бакиев тараптан жасалган чагымдар тууралуу. Текебаевдин айтымында, Бакиевдер оппозицияны «мамлекеттик бийликти басып алууга аракет кылды» деген шылтоо менен камагысы келгени тууралуу оппозиция лидерлерине маалымат түшкөн. Текебаевге президент Бакиевдин пландары тууралуу кийинчирээк Кыргызстандын премьер-министри болгон Жантөрө Сатыбалдиев билдирген. Текебаев билдиргендей, ал даярдалып жаткан чагым тууралуу АКШ менен Орусиянын элчиликтерине айтып берген.

Революциянын алдында камалып калгандыгы тууралуу. Текебаевдин айтымында, ал камалышын түшүнүп, аялы менен балдарынан туугандарыныкында калууну суранган. «Айгүл, эртең митингдер болот, эмнеси болсо дагы балдарды окууга алып барып, үйгө кайра келбегиле, туугандардын үйүнө барып жаткыла дедим. Чын эле алтысы күнү мени үйдөн келип кармап кетишти. Мен анда үйдө жалгыз элем», — дейт ал.

Бардыгы тынчтык менен аякташы мүмкүндүгү тууралуу. «Бакиев бийлиги чагым уюштурбаганда, оппозиция лидерлерин камабаганда, ошол күнү кезектеги эле курултайлар өтүп, өздөрүнүн резолюциясын кабыл алып, баары тынчтык менен бүтмөк», — деди Текебаев.

Бакиевдин күнөөсүү жөнүндө. Текебаев революция учурунда адамдардын курмандыгына Курманбек Бакиев күнөөлүү дейт. Ошондой эле ал экинчи президентти жарандык согушту жана 2010-жылы июнда түштүктөгү улуттар аралык урушту козутууга айыптады. «Контрреволюциячыл реваншист күчтөрдүн аракети менен, үчүнчү өлкөнүн шыкактоосу менен өзбек-кыргыз улуттарынын ортосунда кагылышуу чыкты», — деди Текебаев.

2005 жана 2010-жылдагы революциялардын байланышы тууралуу. «2010-жылкы революция - 2005-жылкы революциянын уландысы, экинчи стадиясы. 2005-жылы болбой калган реформалар 2010-жылы болду», — дейт Текебаев. Анын айтымында, 2010-жылдагы революциядан кийин мамлекет аз жапа чеккен — жер басып алууларды, талоончулукту кийинки күндүн эртеси эле токтотушкан.