Валентина Шевченко Ош шаарындагы күйөрмандары менен жолугушуу учурунда. Сүрөт: Ош мэриянын маалымат кызматы

Мушташтын аралаш түрү боюнча UFC версиясындагы дүйнө чемпиону Валентина Шевченко 9-апрель күнү Ош шаарынын борбордук аянтында күйөрмандары менен жолугушту. Спортчу айымды көрүүгө жүздөгөн адам келген.

Атайын уюштурулган концерттик программадан тышкары Шевченко өзү да бийлеп берди.

Валентина Шевченко Кыргызстанга 7-апрель күнү кечинде учуп келген. Аны «Манас» аэропортунда күйөрмандарынан сырткары вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана шаардык парламенттин спикери Жаныбек Абиров тосуп алган.

8-апрель күнү Шевченко «Бишкек Парк» соода борборунда Бишкектеги күйөрмандары менен жолуккан. Ошол эле күнү спортчуну президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алып, «Даңк» медалы менен сыйлаган.