Баткен районундагы «Самаркандек» базары 1982-жылы негизделген. Ал Кыргызстан менен Тажикстандын жарандары соода-сатык кылган эң чоң базарлардын бири. Эки элдин башын бириктирген соода аянтчасы достуктун базары катары белгилүү.

Жалпы аянты 30 гектарга барат. Аптанын ишемби күнү гана иштеп, эл арасында «Ишемби» базары деген атка конгон. Соода-сатыкта кыргыз сому кандай колдонулса, тажик сомониси да ошондой эле колдонулат.

Соода түйүнү жыгач базар, мал базар, дан базар жана башка бөлүктөрдөн турат. Эң эле көп алып-сатуучунун башын бириктирген бөлүгү — өрүк базары. Өрүк какты сатуунун атайын мезгили деле болбойт — соода жыл бою жүрө берет. Кардарлардын басымдуу бөлүгүн тажик ишкерлери түзөт.

«Самаркандек» базарынан Лейлектин килеминен тартып, тажик соодагерлери алып чыккан жашылча, мөмө-жемиштерге чейин табууга болот.

Редактору: Элвира Султанмурат кызы