Сүрөт: Чүй облусунун ОИИБинин басма сөз кызматы

Чүй облусунун милициясы 12 жашар Данил Браилкинди 11-апрель күнү кечинде тирүү жана дени сак бойдон тапты. Уурдалган бала Бишкекке жакын Панорама районундагы жабык гараждын жер төлөөсүндө болгон. Милиционерлер эки шектүүнү кармашты.

Сурак учурунда шектүүлөр баланы соодалашып, «аласасын өндүрүп» алуу үчүн уурдап кетишкенин айтышты.

Милициянын маалыматына ылайык, ыкчам аракет көрүү кызматкерлери биринчи шектүүнү видео байкоо камерасына түшүп калган тасманы дыкат изилдеп чыгып кармашкан. Сурака учурунда кармалган адам уурдалган бала жана экинчи шектүү кай жакта болушканын айтып берген.

Спецназчылар шектүү айтып берген гаражды Панораманын районунун текшеришип, баланы таап чыгышкан.

Данилди Кант шаарынын №2 кичи районунда 11-апрелде эртең менен мектепке бара жаткан жеринен уурдап кетишкен. Баланы уурдап жаткан учур видеокамерага түшүп калган. Видеодон бала жол чекеси менен басып бара жатканда артынан «Яндекс Таксинин» эл белгиси чапталган ак түстөгү «Хонда Фит» унаасы келип токтогонун көрүүгө болот.