ТИМ: Киевдеги жардыруудан каза тапкан адам Кыргызстандын жараны эмес

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 15-апрелде маалымдагандай, Киевдеги автоунаанын жарылуусунун айынан каза тапкан киши Кыргызстандын жараны эмес. Мекеме бул тууралуу «украиналык тараптан берилген маалыматтарга» таянып «Клоопко» билдирди.

Машина 4-апрелде жарылган. Автоунаа Украинанын атайын кызматтарынын өкүлдөрүнө таандык болгон.

04.04.19 близько 03 год 17 хв у м. Києві невстановленою особою скоєно замах на вчинення терористичного акту відносно співробітника спецслужби України шляхом спроби мінування автомобіля останнього. Під час закладення вибухівки, внаслідок спрацювання вибухового пристрою зазначена особа отримала численні тілесні ушкодження різного ступеня тяжкості від яких померла у лікарні не приходячи до свідомості.Відповідні відомості внесено до єдиного реєстру досудових розслідувань. Досудове розслідування здійснює ГУ НП у місті Києві, процесуальне керівництво доручено Генеральним прокурором військовим прокурорам Головної військової прокуратури ГПУ.

Posted by Андрій Лисенко on Thursday, April 4, 2019

Видеодон автоунаага белгисиз киши жакындап келип, айланып өткөндөн кийин унаа жарылып кеткенин көрүүгө болот.

Украинанын Башкы прокуратурасы муну «өздүгү аныкталбаган адамдын» теракт жасоого ниети деп атады. Алардын маалыматына ылайык, жардыруу аталган адам машинага бомба орнотууга аракет кылып жатканда болгон.

Украиналык парламенттин депутаты Игорь Мосийчук каза тапкан адам Кыргызстандын жараны деп айткан.

«Менин маалыматтарым боюнча, [жарандыгы] эки булак аркылуу аныкталган — бул жабыр тарткан өзү тирүү кезинде укук коргоо органдарына айтып берген жана анда Кыргызстандын жарандыгына таандык экендигин көрсөткөн буюмдар табылган», — деп «Клоопко» билдирди Мосийчук.