Кара-Көл шаарынын тургуну Токтокан Чокоеванын эки бутунан ажырап, майып арабасында отуруп калганына 20 жылдай болду. Мектепте мугалим болуп эмгектенген беш баланын энеси үйүндө бош отурбай балдарга кол өнөрчүлүктөн акысыз сабак бере баштаган. Учурда ал 32 кызга шурудан соолубас гүлдөрдү жасоону үйрөтүп келет.
Токтокан Чокоева Кара-Көл шаарындагы №2 Чолпонбай Түлөбердиев атындагы орто мектебинде орус тили жана адабияты сабагын окутчу. Бирок, 1999-жылы ал тамак-аштан уулануу белгилери менен ооруканага түшүп калат.
Анын айтымында, дарыгерлер ашказанын тазалап, ага асма укол сайышкан. Кийинчерээк андан терс реакция байкалып, буттарынын тамырлары бүтөлүп калган. Бир жумадан кийин врачтар Чокоеванын эки бутун сан бөлүгүнө чейин ампутация кылышкан .
«Мен 6-июнь күнү төрөлгөм. Ал эми буттарымды 5-июнда кесишти. Балдарым бул датаны “сиздин экинчи жаралган күнүңүз” деп айтып калышат. Азыр туулган күнүмдү 5-6-июнь күндөрү белгилейбиз. Бирок мага бир эле туулган күн керек эле да...», — деди ал муңайыңкы.
«Балдарды өз үйүмдө окута баштадым»
Эки бутунан ажырап калгандан кийин Чокоева убакытты өткөрүш үчүн үйдүн короосуна чыгып алып кийим-кечек токуп баштаган. Күндөрдүн биринде кошуна балдар аны үймөлөктөп, «бизге дагы үйрөтүңүз» деп суранып калышат.
«Эртеси эле ийне-жиптерин көтөрүп чыга башташты. Балдарды көрүп “эми апамдын ууздугун башка балдар да үйрөнөт турбайбы деп сүйүндүм», — деп эскерди ал.
Көп өтпөй ага «Кыргыз мотиви» уюмунан балдар чыгармачылык үйүндө кол өнөрчүлүктөн сабак берүү сунушу түшөт. Чокоева макул болуп 30га чукул кызды окута баштайт.
Жумушка аны жолдошу унаасы менен жеткирип турган. Ошентип ал балдар чыгармачыл үйүндө 12 жылдай эмгектенет. Бирок класстын ичи кенен болгондуктан, жакшы жылытылбай жумуштан кетүүгө аргасыз болот.
А бирок, кыздардын ата-энелеринин суранычы менен балдарды өз үйүндө окутууну уланткан. Балдарга үйдө билим берүү үчүн ыңгайлуу шарт керек эле. Ошондо күйөөсү менен балдары бөлмөнү керектүү эмеректер менен камсыздап беришкен.
«Пандустар тике, ыңгайсыз»
Үйүндөгү эмеректердин бардыгы Токтокан эженин майып арабасынын бийиктигине ылайыкталып жайгаштырылган. Ал арабада отуруп сабагын да өтүп, үй тиричилик жумуштарын да жасай берет. Бул үчүн өмүрлүк жолдошуна ыраазы.
«Жолдошум 21 жылдан бери айтканымды кылып, мага жардам берип, иштеп, бала-чаканы карашып, колдоп келе жатат. Эгерде начарыраак адамга туш болуп калганымда мен башымы көтөрүп кете албасам керек эле… Жолдошума, балдарыма ыраазымын!», — дейт ал дүкөнгө, сейилдөөгө чыгууга жолдошу менен балдары жардамга келишээрин кошумчалап.
Ал пандустар тик болгондуктан, өз алдынча эч бир жерге чыга албастыгын айтат.
«Жанымда коштоп жүргөн адам болбосо кыймылдай албайм. Пандус дегенди ар кайсы жерге коюшкан, бирок ал аябай тике, ыңгайсыз. Майып араба менен барып калышса, бирөөнүн жардамы менен эптеп чыгышат да», — деп түшүндүрдү ал.
«ЮНЕСКОдон сертификат алсак дейбиз»
Ал 32 окуучуну үч тайпага бөлүп алып, эки сааттан окутат. Ийримге келгендер алгач чачык тигүүнү үйрөнүшөт, анан ошол чачыктан кичинекей кыздарга көйнөк тиге башташат. Андан соң кофта, шарф тигүүгө өтүшөт.
«Акыркы беш-алты жылдан бери сугарылбас, бирок соолубас гүлдөрдү жасап келе жатабыз», — дейт Чокоева.
Ийримдин катышуучуларынын ата-энелери шуру, мончокторду өздөрү алып беришет. Жасаган буюмдарын окуучулар үйлөрүнө алып кетишет, арасында жасалгаларды сатып пайда тапкандары бар.
«Бир жолу, 8-мартта Айдай деген окуучум кыпкызыл жоогазын белек кылды. Мен билем да — шурудан гүл жасоо кыйын, аны белектеп коюу андан да кыйын. Аябай кубандым», — деди ал.
Токтокан эженин балдарды өз үйүндө окутканына беш жыл болсо, бул убакыт ичинде ийримди калтырбай катышкан кыздар бар. Ошондой үч кыз учурда бийиктиги 1,5 метр сакура дарагын шурудан жасап жатышкан кези. Токтокан Чокоеванын максаты — бул эмгек үчүн шакирттерине бүткүл дүйнөлүк ЮНЕСКО уюмунан сертификат алып берүү.
«Шурунун ар биринин тизилүү ыкмалары тартылган видеосун ЮНЕСКОго жиберебиз деп жатабыз. Буюрса май айында сакураны даярдап бүтөбүз», — дейт кубанган ал.
Видеону даярдагандар: Айдана Жумашова, Адилет Абдырасул уулу
Редакторлору: Элвира Султанмурат кызы, Гүлжан Эшбаева