Авторлору: Ольга Гейн, Азат Рузиев жана Тилек Бейшеналы уулу / Kloop.kg

Урмат Абдрахманов менен анын аялы Элзат Оторбаева үч миң метрден ашуун бийиктиктеги жайлоодо жашашат. Жайлоого эң жакын делген Каракол шаарына чейин алты сааттык жол жүрүү керек. Урмат аялы Элзат менен мал жайып, аларды карышкырлардын кол салуусунан коргошот. Алардын эки кызы бар, балдар ата-энеси менен мектеп каникулу учурунда эле жашашат.

Азыр кыздары туугандары менен жакынкы айылда турушат. Улуу кызы жети жашта, ал окушу керек, бирок жайлоодо мындай мүмкүнчүлүк жок. Анысы аз келгенсип балдар үчүн шарттар да катаал, себеби ал жакта кар жайында да жаай берет. Жумушунан чогултулган акчага жубайлар айылда кыздары менен чогуу жашаш үчүн турак-жай куруп алгылары келет.