Нарындын Миң-Куш айыл өкмөтүндө совет мезгилинен бери калган төрт уран калдыгы сакталган жай бар. Анын бирөөсү 23 түтүн жашаган Туюк-Суу аймагына жакын орун алган. Аймакта жер көчкү коркунучу болгону менен жашоочулар кооптуу жерде күн кечирүүгө аргасыз.
Жумгал районунун Миң-Куш айыл өкмөтүндө совет мезгилинен бери калган төрт уран калдыгы сакталган жай жана радиоктивдүү минералдарды камтыган төрт тоо тек үймөгү бар. Алар Туюк-Суу, Талды-Булак, Как жана Дальнее аймактарында жайгашкан. 1958-1969-жылдары Миң-Кушта уран өндүрүлүп турган. Уран өндүрүшү жабылгандан кийин уран кылдыгы сакталган жайлар консервацияланган.
Жаратылыш кырсыктарынан улам коргоочу курулмалардын жана айланып өтүүчү суу каналдарынын бир бөлүгү бузула баштаган. Мындан улам уран калдыктары сакталган жайлардагы суу агымдарынын багыты бурулуп, тосмолор менен тыюу салган белгилер кыйрап калган.
Жер көчкү коркунучу бар Туюк-Суу аймагындагы абал өзгөчө көңүл бурууга муктаж. Анткени жаратылыш кырсыгы орун алса, уран калдыктары сакталган жайлар жабыркап, андагы уран Көкөмерен дарыясына төгүлүшү мүмкүн. Дарыя өзү барып Токтогул суу сактагычына кошулат, андан Нарын дарыясына өтүп Сыр-Дарыяга чейин жетсе бүткүл Борбор Азияга экологиялык коркунуч жаралат деп айтышат адистер.
«“Өлсөк дообуз жок” деп жазып бергиле»
Туюк-Суунун тургундарынын бири Анипа Эсенбаева аталган аймакта 40 жылдан бери жашап келет. Ушул жерден бала-чакалуу болуп, балдары бойго жеткен соң аларды үйлөнтүп шаарга кетирген. Буга аймактагы жер тартыштыгы, жаңы курулушка тыюу салынышы, жумушсуздук жана коопсуздук маселелери себеп болгон.
«Жергиликтүү бийликтен “жазда көчөсүңөр, сарай салбай тургула, үйүңөрдү оңдобогула” дешет. 2005-жылдан бери ушинтип эле жашап келе жатабыз. Ошол жылдары жер көчкү болуп чоңдор келип кетишкен. Андан бери алардан кабар жок. Жарака кеткен үйлөрүбүз ошол бойдон. Кошуналар менен дубалдагы тешиктен саламдашып, аласа-бересе кылабыз», — деди ал.
Эсенбаева Туюк-Суунун эли өздөрүн унутта калган эл деп ойлошоорун айтат. Анткени, үйлөрү уран калдыктары сакталган жайга жакын жайгашканы менен аларды көчүрүү иштери 15 жылдан бери ишке ашпай келет. Мындан тышкары, аймакта 2006-жылдан тарта жер көчкү коркунучу да бар.
«Чоңдору бизге кол астындагыларын жиберет. Алар “өлсөк дообуз жок” деп кагазга жазып бергиле деп келишет. Биз эмне себептен минтип жазып беришибиз керек? Же эмне бизге акча беришиптирби же акчаны алып көчпөй жатабызбы? Жерлерини алып, берген үйлөрүнө кирбей көчпөй жатсак айтышсын», — деп кейиди Эсенбаева.
«200 миң сомго жер эмес, чатыр да келбейт»
Туюксуулуктардын өз алдынча көчүп кетүүгө шарттары жок. Ошондуктан, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн тарта, Жогорку Кеңеш, өкмөт башчы жана президенттерге чейин жардам сурап, кайрылуу кат жолдоп келишет.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 200 миң сомдон ссуда каралганы менен жашоочулардын көпчүлүгү андан баш тартып келишет. Анткени аны алуу үчүн тургундар башка аймакта жер тилкелери бар болгондугу туурасында тиешелүү кагаздарды көрсөтүшү керек. Дагы бир себеби элеттиктер аталган сумма турак-жай салууга жетпейт дешет.
«Канча жылдан бери зар какшап келебиз. Өкмөт бизди чынында караган жок. 2004-жылы эле 200 миң сомдон беришкенде, ал кезде жер, үй салуу арзан эле. Ушул убакка чейин кыйналбай көчүп кетмекпиз. Эми 200 миң сомго жер эмес, чатыр, боз үй да келбейт чынын айтканда», — дейт айылдын дагы бир тургуну Жолдош Каленов.
«Уранды текшерип келгендерден бир киши “ушул жерден көчүп эле кетпейсиңерби, жок дегенде балдарыңарды кетиргиле” деп айтты. Калганы “жашай бергиле, баары жакшы” деп калпты сүйлөп кетишет. Келген бийликтин баары эле көчүрөбүз деп айтышканы менен жыйынтык жок», — деди тургундардын бири.
«Урандын саламаттыкка тийгизген таасири байкалбайт»
Миң-Куш жалпы дарыгерлер борборунун башкы дарыгери Олег Некрытов билдиргендей, уран калдыктарынын адам саламаттыгына тийгизген таасири аныктала элек.
«Тургундар радиациялык суунун кесепетинен ооруп жатабыз дешүүдө. Мындан 1,5 жыл мурда адам өлүмү боюнча акыркы 5 жылдык статистиканы алып чыккам. Бирок, өлкө боюнча ушундай, бизде деле биринчи орунда жүрөк кан тамыр оорулары, экинчи орунда кырсыктарга кабылып каза болгондор турат. Андан кийин нерв оорулары, эпилепсия болгондор көп кездешет», — деди ал.
Аймактын ветеринар адиси Табылды Бакаев Туюк-Суудагы мал-жандыктар ооруп турушканын ырастады, бирок урандын таасирининен эмес дейт.
«Мал ооруларынын арасынан өтө эле опурталдуусу жок. Мындай бирин-серин терапевдик-хирургиялык оорулар болот. Жугуштуу жана инфекциялык оорулар кездешпейт. Анан паразиттик оорулар көп кездешет, бирок ал тууралуу бизге кайрылгандарга эмдөө жүргүзүп, дарылап келебиз. Мал-жандыктардын баары эле уран калдыгы сакталган аймактарда жүрүшөт. Бирок, урандын тийгизген таасиринен өлүп калган жандыктар деле жок», — деди ал.
«Туюк-Сууда 450 м³ уран калдыгы көмүлгөн»
Эколог Жаныбек Сламов Миң-Кушта жалпысынан 1 млн 150 м³ көлөмдөгү уран калдыгы сакталса, анын 450 миң м³ Туюк-Сууга көмүлгөнүн айтат. Ал 2004-жылы аймакта катуу жааган жамгырдын айынан Туюк-Суу дарыясынын боюнда жайгашкан уран калдыгынан 300 метр аралыктагы тоо боорунда жарака пайда болгонун билдирди. Адис кокус жарака көчө турган болсо, көлмөчө пайда болуп уран калдыгын суу каптап кетиши мүмкүн дейт.
«Эгер дагы бир көчкү жүрүп кетчү болсо, үч күндүн ичинде көлмөчө пайда болуп, уран калдыгы суу менен Миң-Куш суусуна, Көкөмеренге, андан ары Нарын дарыясына кошулуп, ошону менен Фергана өрөөнүн көздөй агат. Ал эми экологиялык коопсуздук жактан Туюк-Сууда жашаш оор. Эгер жер көчкү түшүп кете турган болсо, суу 23 түтүн жашаган турак-жайларды да алып кетет», — деп түшүндүрдү Сламов.
«Айыл өкмөттүн элди көчүрүүгө чамасы жетпейт»
Миң-Куш айыл өкмөтүнүн башчысы Канат Алманбетов туюксуулуктардын абалы оор болгонун белгилеп, көчүрүү маселеси курч бойдон турганын билдирди.
«Үйлөрүн оңдой алышпайт, көчүп кете да алышпайт же ушул жерде жашап кала да алышпайт. Айыл өкмөттүн болсо элди көчүрүүгө чамасы жетпейт. Ал эми район ичине көчүрүү, башка айыл өкмөттөрдөн жер бөлүп берүү боюнча жергиликтүү бийлик тарабынан буйруктар чыккан. Бирок, учурда жерлер трансформация боло элек», — деп түшүндүрдү ал.
Анын айтымында, өкмөт тарабынан 1 млн сомдон кайтарымсыз акча берилсе эл көчүп кетүүгө даяр.
«Жогорку Кеңештин депутаттары фракция лидерлери да бул маселени трибунада көтөрүп чыгышкан. [Аткаминерлердин] Нарын жергесине келип-кетип жаткан иш-сапарларында маселе көтөрүлүп, тиешелүү жактарга тапшырмалар берилди деп келишет, бирок азыркы убака чейин чечилген эмес», — деди ал.
«Уран көчүрүлгөнгө чейин 23 үй-бүлө көчүрүлүшү керек»
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин астындагы Калдык сактоочу жайлар менен иштөө агенттигинин бөлүм башчысы Бакытбек Асанкулов Жумгал райондук водомстволор аралык комиссия 23 түтүндү көчүрүү боюнча тыянакты 2011-жылы чыгарганын айтты.
Ал билдиргендей, Туюк-Суу аймагындагы калдык сактоо жайын Дальнее аймагына көчүрүлөт. Аны орусиялык «РоссАтом» ишканасы ишке ашырмакчы. Долбоордун мөөнөтү 2013-2023-жылдар деп бекитилген.
«2013-2017-жылга чейин долбоорлоо жана смета түзүү, долбоорго киргизүү, каржы маселесин чечүү, экспертизаларды жүргүзүү иштери жасалган. Экинчи этабында, 2018-2023-жылдары, практикалык жумуш, курулуш жасоо, монтаждоо жана рекультивация иштери жүргүзүлөт. Бирок, жумуш башталаарда эл менен жолугушуу болот, алар өздөрүнүн технологиясын айтып беришет», — деди бөлүм башчы.
Анткени менен уран калдыктарын көчүрүү боюнча практикалык иштер баштала элек.
Өкмөттүн маалымат катчысы Чыңгыз Эсенгулов Миң-Куштагы Туюк-Суу айылынын тургундарын көчүрүү боюнча маселе каралып жатканын айтты. Бирок элеттиктер качан коопсуз жайга көчүрүлөөрү боюнча так маалымат бере алган жок.
«Азыркы учурда 23 үй-бүлө авариялык абалдагы турак-жайларда жашайт жана башка жакка көчүрүүгө муктаж. Өкмөт тарабынан аталган үй-бүлөлөргө кайтарымсыз ун таратуу түрүндө социалдык колдоо көрсөтүлүп жатканын белгилеш керек», — деп маалымдашты өкмөттөн.
ЕБ менен ЕАЭБ уран мурасынан арылууга кантип жардам берүүдө?
Кыргызстандын кооптуу калдык сактагычтарды өз алдынча рекультивациялоого күчү жетпейт — буга өкмөттүн акчасы жок. Ошондуктан бийлик Евразиялык Экономикалык Биримдиги (ЕАЭБ) менен Евро биримдигинен (ЕБ) каржылык жардам алууга аргасыз.
ЕАЭБ учурда Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги уран айылдарынын бири Кажы-Сайды реабилитациялоону аяктап калды. Аны ишке ашырууга 13,6 млн долларга чукул (930 млн сомго жакын) каражат кеткен. Долбоорду Орусия, Казакстан жана Тажикстан каржылашкан.
Ал эми Миң-Куштагы ишти ЕАЭБ менен ЕБ бөлүшүп алышкан: ЕАЭБ калдык сактагычтарды реабилитациялоо ишин жүргүзсө, ЕБ уран шахталарын консервациялоо жана кайра иштетүүчү заводду жоюу ишин аткарат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигини карамагында жалпы көлөмү 11,9 млн м³ барабар 33 уран калдыгы сакталган жай жана 25 радиоктивдүү минералдарды камтыган төрт тоо тек үймөгү бар. Алардын ичинен 6,2 млн м³ — радиоактивдүү, 5,7 млн м³ — уулуу.
Редактору: Элвира Султанмурат кызы