Атамбаев менен Жээнбеков. Сүрөт: Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы

Британиянын The Economist басылмасы Кыргызстандын саясий кырдаалына саресеп салганын жазып чыкты. Кыскача баяндоо.

Кыргызстандын демократизацияланышына карабастан, ал Борбор Азиядагы эң жакыр өлкө бойдон калууда (бирок бул андай деле эмес — ага далил бул жерде). Эки революциядан кийин Кыргызстанда президенттик ыйгарым укуктар кыйла эле кыскарды. Мисалы, президент эми парламентти отставкага кетире албайт жана бир гана мөөнөткө шайланат. Мындан тышкары, 2017-жылы адилеттүү президенттик шайлоо өтүп, бийлик Алмазбек Атамбаевден анын мураскери Сооронбай Жээнбековго өткөн.

Бирок бул өлкөнүн өнүгүшүнө эч кандай таасир эткен эмес. Кыргызстандын экономикасы дагы деле жалпы ИДПнын үчтөн бир бөлүгүн түзгөн эмгек мигранттарынын акча которуулары менен кени дээрлик түгөнүп калган көзгө кысар жалгыз алтын өндүрүүчү [«Кумтөр»] компаниясынын чегеримдеринен көз каранды.

«Кыргызстан Борбор Азиядагы авторитардык режимдер менен курчалган гүлдөп келе жаткан демократия болчу [...] Бирок демократия 6 миллион калктуу мурдагы союз республикасына көп деле жардам берген жок», — деп жазды The Economist.

Атамбаев өлкөдөгү демократиялык прогресстин «жолун бууду». The Economist Атамбаев өзүнүн мураскери Сооронбай Жээнбековду президенттикке алып чыгууну чечкенде демократиялык принциптерди аттап өткөн деп эсептейт: «Атамбаев мыйзамдын үстөмдүгүн коргоп атам дегени менен демократиялык прогресстин жолун бууган. [...] Атамбаев [Жээнбековго президент болууга жардам бериш үчүн] лидерлерди жана оппозициянын тарапкерлерин камаган».

Жээнбеков Атамбаев колдонгон ыкмалар менен эле өз бийлигин бекемдөөдө. Басылма Бишкек ЖЭБиндеги авария Атамбаевдин премьер-министр Сапар Исаков сыяктуу тарапташтары түшүп калган Жээнбековдун саясий тазалоону уюштуруусуна шылтоо «болушу мүмкүн» болгон деп эсептейт.

Жээнбековдун саясий тазалоосунун кесепеттери. Камоолордун айынан маморгандардын аткаминерлери кандайдыр бир демилгелерге жооп берүүдөн коркуп калышты. Бул экономиканы өнүктүрүү, медицинаны жана билим берүүнү жакшыртуу боюнча долбоорлордун токтоп калышына алып келиши мүмкүн. «ИДПнын калктын жан башына туура келген кирешесинин деңгээли боюнча Кыргызстан Камерун же Папуа Жаңы Гвинеядан төмөн турат, — деп жазат басылма. — Коңшу Казакстанда калктын кирешеси [Кыргызстандын көрсөткүчтөрүнөн] он эсе жогору. Ал эми мамкызматкерлери аз киреше табышат».

Саясий кризистин тобокелдиги өсүп жатат. Атамбаев тарапташтырынын куугунтукталышын өзүнө жасалган чабуул катары баалоодо. Ошондуктан ал көзөмөлдөгөн КСДП партиясы өткөн айда өзүн оппозиция деп жарыялаган. Ага жооп кылып парламент экс-президенттен кол тийбестикти алуу боюнча мыйзамды жактырган. Атамбаев Жээнбековдун президенттик кызматтагы аракеттери «элди революция кылууга түрткү кылууда» деп эсептейт. «Кошумча көбурөөк кабатырлануу — бул [Кыргызстандагы] элдин көпчүлүгүнө эң акыркы учурда керек болуучу нерсе. Бирок өлкөдөгү элиталардын бийлик үчүн күрөшүүлөрү күч алгандыктан, так ушул нерсе болуп кетиши мүмкүн», — деп жыйынтыктайт The Economist.