Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Таш-Булак кенинде геологиялык чалгындоо иштери жүрүүдө. Жергиликтүү тургундар эгер уран кени иштетиле турган болсо ал айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизет деп кооптонушууда. Бийлик кен иштетүү коопсуз болот деп ырастоодо.
Тоң районунун тургундары Таш-Булак уран кенинде иш алып барууну токтотууну талап кылышты — алар бул айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизет деп коркушууда. Чыр-чатактарды алдын алуу үчүн бийлик жергиликтүү тургундарга кендеги иштерди көзөмөлдөп жаткан жана аны иштетип-иштетпөөнү чечкен ведомстволор аралык комиссиянын курамына кирүүнү сунуштады.
Кенди 2013-жылы геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө лицензия алган «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясы иштетүүнү көздөп жатат. Бул Тоң районунда негизги салык төгүүчү — акыркы алты жылдан бери компания мамказынага 87,5 млн сомго чукул акча төккөн.
Уран кенин иштетүү орусиялык инвестордун катышуусу менен жүргүзүлүшү ыктымал. Март айында «Борбор-Азиялык уран компаниясы» 30 млн долларлык келишимге кол койгон. Бул акчалар «Кыргызстандагы ЮрАзиянын» лицензиясы боюнча уран кенин иштетүүгө жана Кара-Балтадагы тоо кен комбинатын жаңыртууга жөнөтүлүшү керек болгон.
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамкомитети кен иштетүү «экологиялык жактан коопсуз» болуп, жаңы жумуш ордуларын түзөт деп айтууда. Ведомство кен иштетүүдө реагенттер колдонулбасын жана калдык сактагычтар курулбасын убада кылууда.
Радиоактивдүү кумду Кара-Балтадагы тоо тек комбинатына жеткирилип, ал жерден андан уран жана башка заттарды өндүрүп, андан кийин ал тазаланган түрдө иштеп чыгарылган жерге алынып барышы керек. Кумду комбинатка жеткирүү иши корголгон контейнерлер ичинде темир жол аркылуу аткарылат.
«Бардык тазаланган материал бир жерге салынып, рекультивацияланып, анын ордуна жайыттарды калыбына келтирүү үчүн топурак-ѳсүмдүк катмарын калыбына келтирилет жана кѳп жылдык чѳптѳр отургузулат», — деп айтылат мамкомитеттин билдирүүсүндө.
Уран кенин иштетүү тууралуу 2018-жылдын декабрында эле белгилүү болгон. Ошол маалда Кара-Балта комбинатынын башчысы Андрей Акимов да айлана-чөйрөгө зыян келтирүүгө жол берилбесин убадалаган.
«Биз мыйзам чегинде гана аракет көрөбүз. Биз бүткүл аймактын экологиясын сактоо үчүн жоопкерчиликти түшүнүп турабыз, ошондуктан биз тараптан экологиялык стандарттарды сактоо үчүн бардык керектүү процедуралар кабыл алынат. Айлана-чөйрөгө эч кандай зыян тийбет!» — деген ал.
Уран кенин иштетүүнү радиактивдүү заттардын кору бар 25 метр тереңдикте жүргүзүшөт. Кен чыккан жерде 3500 тонна уран, ошондой эле фосфор, цирконий жана титано-магнетит бар. Кендүү жерде акыркы заттын көлөмү эң көп — бир жарым миллион тоннадан ашуун.