Бир кадр менен: Бишкекке газ менен жүргөн 60 жаңы автобус келди. Аларда электрондук билеттөө болот

Жаңы автобустар Ала-Тоо аянтында көргөзүлдү. Сүрөт: «АКИпресс» басылмасы

Жаңы коомдук транспортту президент Сооронбай Жээнбековго жана Бишкектин мэри Азиз Суракматовго 24-апрелде көрсөтүп тааныштырышты. Газ менен жүргөн 60 автобустун жалпы баасы 300 млн сомду түзгөн.

Шаар бийлиги жаңы автобустарды каттамдарга 29-апрелден тарта чыгарууну пландап жатат. Алардын жарымы учурда бар маршртуттар боюнча катташат, ал эми калган жарымы эки жаңы №48 жана №36 маршруттарына бөлүштүрүлөт.

Бишкектин автотранспорт башкармалыгынын башчысы Нурлан Койчубаков №48 маршрут Эркиндик бульвары аркылуу каттаарын, ал эми №36 маршруттагы автобустар жүргүнчүлөрдү «Шоро» заводунан «Ак-Өргө» конушуна чейин ташый турганын «Клоопко» кабарлады.

Жаңы автобустарда электрондук билеттөө үчүн түзмөктөр орнотулган. Бирок Койчубаковдун айтымында, электрондук билеттөөнү тесттик режимде бир же эки айдын ичинде киргизишет. Мурдараак Бишкектин коомдук транспортуна электрондук билеттөөнү орнотуу тендерин швейцариялык компания утуп алган.

«Компания бардык муниципалдык транспортту бир ай ичинде жабдууну, ал эми [электрондук билеттөө] системасын толугу менен 1-октябрга чейин кошууну убадалоодо. Бирок биз окуу жылдын башталышына карата, 1-сентябрга чейин деп сурануудабыз», — деди Койчубаков.

Ал Бишкек мэриясы жаңы автобустарды калаа үчүн 11 жыл ичинде алгачкы жолу сатып алганын кошумчалады.

ТЕМА БОЮНЧА: Бишкек: Коомдук транспортто электрондук билеттөөнү киргизүү боюнча тендерди швейцариялык компания утуп алды