Жапаровду колдоо митингинде «Атамбаевдин провокатору» делген активисттин жакындарын милиция суракка алды

Гүлжигит Исаков. Сүрөт: фейсбук

Жарандык активист Гүлжигит Исаков 23-апрелде анын Кара-Кулжа районунда жашаган ата-энесин милиция суракка алганын жазып чыкты. Исаковдун айтымында, укук коргоо органдары ата-энесинен анын ишмердиги тууралуу сурашкан.

«Мени кайсы мугалим окуткан деген суроолордон бери бериптир. Бир туугандарымды сүрүштүрүшүптүр. Буюртманы ким берген? Алар кайсы мыйзамдын негизинде суракка алышты? Мен Бишкектемин. Улгайган ата-энемдин эмне тиешеси бар бул жерде? Суроолор болсо мага бергиле, өзүм жооп берем», — деп жазган Исаков.

24-апрелде Исаков анын Ошто жашаган эжесине да эки милиционер келгенин жана суракка чакырганын билдирди. Бирок анын чоо-жайын ачыктаган жок.

Ал ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге кайрылып, укук коргоо органдарынын аракеттери боюнча түшүндүрмө берип, милиционерлер эмне үчүн анын ата-энесин суракка алышканы боюнча жооп берүүнү суранган.

Кара-Кулжа РИИБнин башчысы Мартбек Зикиров «Клоопко» милиционерлер анын жакындарын сурашканын тастыктады. Мындай жол менен укук коргоочулар Исаков чындыгында эле ошол аймактан экенин тастыктоону каалашкан.

«Митингде Исаков Кара-Кулжадан болгонун айткан. Милиционерлер ал жашаган көчөгө барышкан [...] Ал 11-классты аяктагандан кийин Анкарада билим алыптыр, учурда Бишкекте жашап жаткан экен. Ушул жөнүндө эле сурашкан», — деди Зикиров.

Ош шаардык ИИБнин маалымат катчысы Замир Сыдыков «Клоопко» билдиргендей, Исаковдун эжеси менен 10-бөлүмдүн коомдук коопсуздук боюнча иштеген кызматкерлери сүйлөшкөн.

«Менимче алар профилактикалык иштерди жүргүзүп, анын митингге чыккан иниси тууралуу эле сүйлөшөлү деп барышкан», — деди Замир Сыдыков.

Бирок ал, милиция кызматкерлери эмне максатта Исаковдун эжеси менен сүйлөшүүгө барышканын айта алган жок.

Текебаевди жана Жапаровду колдоо митинги

Гүлжигит Исаков камактагы саясатчылар Өмүрбек Текебаевди жана Садыр Жапаровду колдоо митингине катышкан. Митинг 23-апрелде Бишкекте өткөн.

«Ата-Мекендин» депутаты Каныбек Иманалиев сөз сүйлөп жатканда, Исаков ал парламенттин трибунасында сөз сүйлөшү керектигин кыйкырган. Буга жооп кылып Иманалиев аны «Атамбаевдин провокатору» деп атаган.

Митингде Исаков, бийлик Текебаевдин тарапташтары менен сүйлөшүүгө барган жана анын иши жаңы жагдайда каралат деп билдирген.

«Садыр Жапаровдун ишин жаңы жагдайлар боюнча карайбыз дебей жатышат. Эмнеге дегенде бул жерде келишим бар. “Атамбаев камалсын” деген плакаттарды көрүп жатасыздарбы. Бийлик менен Текебаев сүйлөшүп, “Атамбаев камалсын” деп чыккыла, бул жерде биз силерди колдоп беребиз дешкен», — деген Исаков.

Камалган оппозиционер Өмүрбек Текебаевдин ишин 3-майда кайра карашат. Мындай чечимди Жогорку соттун коллегиясы кабыл алган. Текебаевдин адвокаттары ага чыгарылган сот өкүмүнүн маңызын эмес, мөөнөтүн карап чыгууну талап кылышууда.

Өмүрбек Текебаев коррупция боюнча 8 жылга соттолгон, бирок мунапыс боюнча анын абак мөөнөтү 4,5 жылга чейин кыскартылган. Ал эми оппозиционер Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган делип айыпталган. Бирок Каптагаев өзү Жапаровго карата дооматы жана анын күнөөсү жок экенин айткан. Натыйжада оппозициячыл саясатчы 11,5 жылга эркинен ажыратылган.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев, анын башчылыгы астында соттолгон Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровдун кылмыш иштерин кайрадан карап чыгууну сунуштады. Атамбаевдин оюу боюнча «мамлекет алардын саясий көз карашына, абалына жана жеке инсандыгына карабастан, адилеттүү соттук териштирүү иштерин өткөрүүнү камсыздап бериши керек».

Редактору: Элвира Султанмурат кызы, Рустам Халимов