Иллюстративдик сүрөт. Дмитрий Мотиновдун / Living Asia 

Ысык-Көлдөгү Кызыл-Омпол уран кенинин тегерегиндеги маселе көпчүлүктүн тынчын алган сыяктуу, мени да канча күндөн бери ойлондуруп келе жатат.

«Пикир» рубрикасында жарыяланган материалдар автордун жеке пикирин чагылдырат. Колонканын автору — техника илимдеринин доктору Канат Ишенбек. Материалдын түп нускасы «Азаттык» үналгысынын сайтында жарык көргөн.

Илимий адис катары радиоактивдүү материалдардын жаратылышы жана кооптуу жактары менен Германиядагы өнөр жай долбоорлорундагы тажрыйбам аркылуу жакын тааныштыгым бар.

Уран кени аркылуу жаралган чууда эң өкүнүчтүүсү - профессор Эмил Шүкүровдон сырткары уран боюнча эксперттердин унчукпай отурганы болуп турат. Ошондуктан адис катары ой-пикиримди айтып кетүүнү зарыл көрдүм.

Акырында айтарымды башында айтайын - келечегибизди, мекенибизди, элибизди ойлонсок, анда уранды казууга гана эмес, кендерди чалгындоого да бүткүл Кыргызстанда мораторий жарыялашыбыз зарыл. Себеби, дүйнөлүк практикада чалгындоого алынган лицензия менен жамынып казуу иштерине өтүп кеткен учурлар көп кездешет. Коркунуч жалаң эле коррупциялашкан системада, техникалык көзөмөлдүн жоктугунда, түзүлгөн комиссиянын «күмөндүү» курамында эмес. Маселенин өзөгү уранды казуу жана уранды бөлүп алуу ыкмаларында жатат.

Ачык маалымат булактарына таянсак, СССР убагындагы чалгындоо иштеринде Кызыл-Омполдогу тоо-кен участокторунда жалпысынан 13 миң тонна уран, 30 миң тонна торий, 400 миң тонна циркон диоксиди жана 530 миң тонна дифосфор пентоксидинин кору бар экендиги тастыкталган. Ал эми «ЮрАзия» компаниясынын чалгындоо иштеринин жыйынтыгы боюнча Кызыл-Омполдогу тоо-кен участокторунда жалпысынан 3,5 миң тонна уран, 8,54 миң тонна торий, 34 миң тонна циркон диоксиди жана 1,6 миллион тонна титан-магнетит кору бар деп табылган.

Ортодогу чоң айырманын талаш-тартышы өзүнчө чоң маселе. Ага мамлекеттик көзөмөлдөө органдары кызыгышы керек деген ойдомун.

Уран темасынын өзүнө келсек, уран жаратылышта таза металл түрүндө эмес, минерал түрүндө, мисалы оксид, силикат, титанат, ванадат ж.б. түрүндө кездешет. Биринчи коркунуч дал ушул рудаларды казууда башталат.

Кызыл-Омполдогу уран рудалары жер бетине жакын 25-50 метр тереңдикте уран-торианит чачылмалары түрүндө жатат. Мындай рудаларды казууда эң негизги жана эң арзан ыкма - бул ачык казуу ыкмасы. Мында жердин үстүңкү катмарында жардыруу иштери кеңири колдонулат. Ошентип карьердин үстүндө ондогон чакырымга созулган чаң булуттар пайда болот. Демек ачык казуу ыкмасында урандын рудасынан чыккан чаң шамал аркылуу Ысык-Көл жана Нарын облустарына жайылып кетүү коркунучу турат. Урандын рудасы чаңдабашы үчүн аны суулап казууга туура келет. Суу тегеректеги дарыялардан жана жер астынан алынат, бул Ысык-Көлдүн тегерегиндеги флора менен фаунаны өзгөртөт. Анын үстүнө ошол райондогу сууну, аны менен кичи жана чоң дарыяларды булгайт.

Ооба, дүйнөлүк практикада ачык ыкма менен уран казылат. Мисалы, Намибияда Рөссинг кени же болбосо Австралиядагы Ренжер кени. Бирок алардын дээрлик көбү эл жыш жашаган жерден алыс жайгашкан. Уран казылып бүткөндө Көк-Мойноктун тегерегинден диаметри бир нече чакырымга жеткен жылаңач котловандар калат. Мына ушул котловандарды кайра калыбына келтирүүгө урандан түшкөн пайдадан оңдогон эсе көп каражат талап кылынат.

Экинчи коркунуч - руданы Кара-Балта тоо-кен комбинатына ташууда жатат. 250 чакырым жолдо уран рудасы атайын контейнерлерде, коопсуздукту жогорку деңгээлде сактоо менен гана ташылышы керек. Бул болсо кылдат техникалык көзөмөлдү жана инвестордун бул маселени милдеттүү түрдө ишке ашырышын талап кылат. Тилекке каршы азыркы абалда андай кепилдик жок, тескерисинче паракорчулуктун негизинде техникалык каталарга көз жумулаары анык.

Үчүнчү коркунуч - рудадан урандын оксидин, торийди жана башка оор металлдарды бөлүп алууда жатат. Бул жерде кандай ыкма колдонулары жөнүндө «ЮрАзия» компаниясы тарабынан так маалымат берилген эмес. Арзан, зыяндуу ыкмалар колдонулабы же кымбат, тазараак иштетүүгө инвестиция жумшалабы? Техникалык экспертизаны көз каранды эмес мекемелер жүргүзөбү? Техникалык текшерүүнү ким колуна алат жана канчалык кепилдик бере алат? Ушул сыяктуу суроолорго жооп тапмайынча кенди иштетүү биз үчүн оор катастрофага айланышы мүмкүн.

Баса белгилеп кетчү нерсе - Кыргызстанда рудадан уран концентратын иштетип чыгууга гана техникалык мүмкүнчүлүктөр бар. Уранды байытуу технологиясы абдан татаал жана Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) көзөмөлүндө жүрүшү зарыл. Урандын концентратынын бир килограммы болсо мисалы Франкфурт биржасында 25 долларга бааланып турат. Негизги экономикалык пайда алып келчү кадам - бул байытылган уран же өзөктүк реактордон чыккан плутоний болуп саналат. Мисалы, расмий эмес маалыматтарга таянсак бир килограмм плутоний 20 миллион доллардын тегерегинде. Демек Кыргызстан бул мүмкүнчүлүктөн пайдалана албайт.

Төртүнчү коркунуч - руданы иштеткен комбинаттан чыккан радиоактивдүү заттар абада, сууда, химиялык кошулмаларда (кислота, щёлочь) жана руданын калдыктарында сакталат. Бул радиоактивдүү калдыктарды көмүүгө жаңы калдык сактагычтарды ачууга туура келет. Бул болсо миллиондогон жылдар бою уулуу радондун, гамма нурдануунун, радиоактивдүү чаңдын таасиринде калабыз дегенди билдирет.

Уранды иштетүүнүн экономикалык пайдасы жокко эсе, ал эми экологияга, элдин саламаттыгына, туризмге зыяндуу долбоор. Кыргызстандын эси бар ар бир жараны уранга каршы туруп, келечегибизди сактап калууга милдеттүүбүз.

Канат Ишенбек