Алайдын Гүлчө айылынын 70 жаштагы тургуну Эсенбай Маматов отуз жылдан бери хореограф болуп иштеп келет. Чыгармачылыкка үчүнчү классынан баштап кызыга баштаган. Мектепти аяктаган кийин Тажикстандын Дүйшөмбү шаарындагы исскуство институтунда билим алып, ушул убакка чейин 300гө жакын бийчи тарбиялаган.
Эсенбай аксакал айылдагы Сами Дооронов атындагы балдардын көркөм өнөр мектебинде кыргыз жана чыгыш бийлеринен сабак берет. Учурда 30 кызды тарбиялоодо.
«Кыздарды үчүнчү классынан кабыл алабыз. Бизде беш жыл билим алышат. Буларга мектепти бүттү деген аттестат беребиз. Кийинчерээк кадимкидей хореограф болуп иштей беришет», — деди Маматов.
Бийчи аксакал менен анын кезектеги сабагы өтүп жаткан учурда жолуктук. Ал кыздарга ар бир кыймылды кылдаттык менен үйрөтүп жатыптыр.
«Эң негизгиси каалоо, анан ийилчээктик жана аракет. Бул сапаттар болсо бат эле түрдүү бийлерди үйрөнүп кетүүгө болот», — деди бийчи.
Маматов өзү чыгармачылыкка тогуз жашынан кызыга баштаган. Бий, ыр боюнча мектепте түрдүү ийримдерге катышып жүргөн. Мектептеги сынактарда алдыңкы орундарды бир гана Эсенбай агай алчу экен.
Анын айтымында, чыгармачылыгына эч ким тоскоолдук кылган эмес. Ошондуктан, өзүнө жаккан кесибин аркалаганына быйыл 48 жыл болуптур. Ал эми анын 30 жылын бий үйрөтүүгө арнаптыр.
Кыргыз бийчисинин талантын байкаган тажикстандыктар
Эсенбай аксакал 1976-жылы Тажикстанга спектакль менен гастролдоп барат. Аны көргөн тажикстандык кесиптештери ага ошол жакта калуу сунушташат. Алгач Мургабдагы маданият үйүндө 3 жыл эмгектенет. Анан билимин өркүндөтүү үчүн Дүйшөмбү шаарындагы Мирзо Турсунзоода атындагы искусство институтуна тапшырат. Бирок ал жерге 30 жашка чейинки жаштар гана алынмак экен. Агайдын бийге болгон шыгын байкаган институттун кабыл алуу комиссиясы ага билим алууга мүмкүнчүлүк берет.
Жогорку билимге ээ болгон соң кайра Мургабдын маданият үйүндө 14 жыл жетекчилик кызматын аркалайт.
«1990-жылы кайра Алай районуна келип, Сами Дооронов атындагы балдардын көркөм өнөр мектебине бий мугалими болуп кирип, ушул күнгө чейин иштеп жатам», — дейт аксакал.
Хореография менен тигүүчүлүктү бирдей алып кеткен аксакал
Эсенбай агай бийчи гана эмес тигүүчү дагы. Тикмечиликке да бала кезинен эле кызыгып, алгач жакындарына кийим-кечек тигип берип жүргөн. Кийинчерек шакирттеринин бий формаларын да өзү тиге баштаган. Анын үйүнүн бир бөлмөсү тикмечилик кылууга арналган.
«Жаш кезимде бир кийимди көрүп эле аны тигип көрсөмбү деп кызыктым. Анан тигип баштадым. Алгач өзүмө андан кийин үйдөгүлөргө тиге баштадым. Көйнөктөрдөн баштап, костюм юбкага чейин тиктим», — деп эскерди ал.
Хореограф кыргыз көйнөгүнөн тарта уйгур, өзбек, цыган бийлеринин формаларын да тиге берет. Эмгекчил аксакал тыным билбейт. Мектептен кийин короо жайга да каралашып, жубай менен чогуу гүл өстүрөт.
«Биз негизинен жолдошум экөөбүз гүлдөргө кызыгабыз. Гүлдөрдүн түрүн өстүрүп, жумуштан келгенде көбүнчө чарба менен алек болот. Баш кошконубуздан баштап чыгармачылыгын колдоп жашап келе жатабыз», — дейт жубайы Жаркын Жанышова.
Бийчи аксакал 48 жылдык иш тажрыйбасында 300гө жакын кызга бий үйрөткөн. Алардын ичинен экөө гана эркек балдар болгон. Бирок алардын бирөөсү да бул чөйрөдө калышкан эмес.
Элетте иштеген талант шаарга көчүүгө деле кызыкпайт, чоң сахнага умтулган да эмес. Ага айылдагы балдарга өнөр үйрөтүп жатканы бакыт тартуулайт. Маматовдун максаты алынын жетишинче жасап жаткан ишин улантуу.
Редакторлору: Айдай Беделбек кызы, Элвира Султанмурат кызы