«Балдардын укуктарын коргоочулардын лигасы» коомдук фонду жабыркаган баланын апасы Кыргызстанга келгенин кабарлады. Баланын апасы Орусияда иштеп жаткан.

«Ал бардык керектүү маалыматтарды укук коргоо органдарына, акыйкатчыга жана соцкоргоого берди. Жакынкы убакта ал баласын кароо менен гана алек болууну пландоодо», — деп билдиришти укук коргоочулар.

Бишкек милициясы шектүү адамды сегиз жаштагы жээнин машинага байлап, жолдон бир нече метрге сүйрөгөн деген шек боюнча 30-апрелде кармаган.

Ал баланы чоң энесинен акча уурдаган деп шектеп, мындай жол менен аны «тарбиялагысы» келгенин айткан. Азыр ал үй камагында.

Прокуратура соттун шектүүнү үй камагына коё берүү тууралуу чечимине даттанып, анын тергөө изоляторуна киргизилишин талап кылган.