50гө чукул активист Каракол шаарындагы башкы стадионго митингге чыгып, облус жана бүткүл өлкө боюнча уран казууга каршы нааразычылыктарын билдиришти. Алар чийки затты казуу толугу менен токтотулушун жана кен чыккан жерлерди иштетүүгө мораторий жарыялоону талап кылышты.
Митингчилер уран казуу облустун жер-жемиштеринин экспорттолушуна тыюу салууга алып келет деп эсептешет. Алар уран казуу Кыргызстандан чыгып кетип жаткан эмгек мигранттарына да кедергесин тийгизип, кабыл алып жаткан өлкөлөр аларды радиациялуу аймактан келишти деген жүйөө менен өлкөгө киргизүүдөн баш тартышат деп кооптонушууда.
««Ар бир кыргызстандык бул маселеге кайдыгер карабай, каршылыгын билдирүүдө. Бизге уран иштетилбейт деген кепилдик керек. Уранды казууну токтотуу шарт. Кыргызстанды урансыз эле өнүктүрсө болот», — деди митингдин уюштуруучуларынын бири Банура Абдиева.
Кыргызстанда апрель айынын аягынан тарта өлкөдө уран казууга каршы нааразычылык акциялары өтүүдө.Ысык-Көл облусунда бир катар митингдер болуп өткөн, анда «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясы Таш-Булак уран кенинде геологиялык чалгындоо иштерин аяктап, ал жерде уран казганы даяр турган болчу.
Ошондой эле активисттер Бишкекте бир нече митинг өткөрүшкөн. Уран казууга каршы чыккандардын онлайн петициясы 30 миңден ашуун кол топтогон.
Нааразычылыктардын шартында бийликтегилер «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясынын уран кенин чалгындоого лицензиясын чакыртып алганын билдирген. Бирок бир нече күндөн кийин өкмөт анын аракетин болгону токтото туруу чечимин гана кабыл алганы белгилүү болгон.
Муну менен катар эле парламенттин депутаттары уран казууга мораторий киргизүү боюнча эки мыйзам долбоорун демилгелешкен. Алардын бирөөсү өлкө боюнча 2070-жылга чейин уран казууга мораторий киргизүүнү шарттайт, ал эми экинчиси 20 жылга тыюу салып, Ысык-Көл облусу менен гана чектелет.