Солдон оңго: апасы, баласы жана укук коргоочу Назгүл Турдукулова. Сүрөт: «Балдарды коргоо лигасы» 

«Балдарды коргоо лигасы» укук коргоочу уюму 3-майда мурдараак машинага байлап, бир нече метрге сүйрөлгөн сегиз жаштагы бала ооруканадан чыгарылганын кабарлады. Баланын апасы уулун өзү иштеп жүргөн Москвага жанына алып кетүүнү пландап жатат.

«Эне бала үй-бүлөсүнө кайтып бара алышпагандыктан, тергөө жүрүп жаткандыктан да, аларга убактылуу ижарага батир алып туруу керек. Биз аларга кыска убакытка деп батир издеп жатабыз», — деп жазган уюм өзүнүн фейсбук барагында.

Бишкек милициясы шектүү адамды сегиз жаштагы жээнин машинага байлап, жолдон бир нече метрге сүйрөгөн деген шек боюнча 30-апрелде кармаган.

Ал баланы чоң энесинен акча уурдаган деп шектеп, мындай жол менен аны «тарбиялагысы» келгенин айткан. Азыр ал үй камагында.

Прокуратура соттун шектүүнү үй камагына коё берүү тууралуу чечимине даттанып, анын тергөө изоляторуна киргизилишин талап кылган.

Тема боюнча: Күндүн посту: Машинага сүйрөтүлгөн баланын апасы кайтып келди