Маданият айылына жаңы курулган аялдама. Сүрөт: Адилет Абдырасул уулу / kloop.kg

Кара-Суунун Маданият айылынын 30га чукул мектеп бүтүрүүчүсү 5-майда жети аялдама орнотушту. Ага 130 миң сомдой каражат сарпташкан. Буга чейин айылда аялдама болгон эмес.

«Тешебай Мусаев мектебин мындан 20 жыл мурун бүтүргөндөр чогулуп карасак, айыл тургундары аялдама жок болгондугу үчүн жамгырда, күн ысыкта туруп калышат экен. Ошондон улам аялдама куруп берели деп ниет кылып, ойлорубузду ишке ашырдык», — деп билдири «Клоопко» бүтүрүүчүлөрдүн бири Жеңишбек Жээнбеков.

Жээнбеков кошумчалагандай, айылга дагы сегиз аялдама жетишсиз.

Буга чейин Таластын Бакай-Ата районунун мектеп бүтүрүүчүлөрү шаан-шөкөттүн ордуна жалгыз бой энеге турак жай куруп беришкен.