Казакстан Kaktus.Media кыргыз басылмасынын сайтын бөгөттөдү

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Тилек Бейшеналиев / Kloop.kg

Басылманын редакциясы сайттын бөгөттөлүшүнө «Чындыктан качып кутулбайсың #adilsailayushin #менинтандоомбар» көрнөгү менен нааразычылык акциясына чыккан жарандык активисттер Асия Тулесова менен Бейбарыс Толымбаевдин кармалуусу тууралуу материалдардын жарыяланышы себеп болушу мүмкүн деп эсептейт.

Редакция казак бийлигине расмий түшүндүрмө сурап кайрылууну пландап жатканын билдирди.

Казакстандын Маалымат жана коммуникациялар министрлигинин сайтында Kaktus. Mediaнын сайты бөгөткө алынган басылмалардын тизмесине кирген эмес. Бирок ресурстардын жеткиликтүүлүгүн текшерүүчү kazbt.com сайтынын маалыматына ылайык, кыргыз басылмасынын сайты жеткиликсиз деп көрсөтүлгөн.

«Клооптун» журналисти Казакстандын ар башка аймактарында жашаган тургундарга кайрылып көрдү. Алар Kaktus.Media сайтына кире алышпай жаткандыгын жана ал VPN аркылуу гана ачылып жаткандыгы тууралуу кабарлашты.

Бул Казакстандын бийлиги кыргыз ЖМКларынын сайттарын бөгөттөгөн биринчи эле учур эмес. 2014-жылы коңшу өлкө казакстандык колдонуучулар үчүн Kloop.kg сайтын да бөгөттөгөн.

Сайт Казакстанда «Ислам мамлекетинин» лагерлеринде машыгып жаткан казак балдары жөнүндө материал жарыялангандан кийин жеткиликсиз болгон . «Ислам мамлекети» дүйнөнүн бир катар өлкөсүндө террористтик деп табылган уюм.

Материал «Дэйли Мэйл» маалымат агенттигинин видео фрагменти жана видеодон алынган скриншоттор менен иллюстрацияланган.