Сүрөт: Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз драма театрына 7-майда келип кеткен. Директор Асылбек Өзүбеков театр 1926-жылы негизделгенин, ал эми анын имараты пайдаланууга 1972-жылы берилгенин айтып берди.

Акыркы жолу театр 2010-жылы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, ал учурда имаратты оңдоого 8 млн сомдон ашуун каражат сарпталган. Азыр болсо имаратты реконструкциялоо жана жаңыртуу үчүн 76 млн сомдон ашуун акча керектелүүдө.

Жээнбеков театрды оңдоп-түзөш керек экенин айтып, каржылоо жагынан көмөктөшөөрүн убадалады.