Иллюстративдик сүрөт.  Сүрөт: Longmont Power and Communications-68 / flickr

Токтомдун долбоорун коомдук талкууга 25-апрелде Кыргызстандын Экономика министрлиги чыгарган. Министрликтин сунушу боюнча, интернет трафиктин эсебин алууга жана ага анализ жүргүзүүгө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) жооптуу болууга тийиш.

Токтомдун авторлорунун идеясы боюнча, кирген-чыккан трафиктин маалыматтары өлкөнүн чек араларында орнотулган атайын жабдуулардын жардамы менен чогултулуп турат. Ал жакта Казакстан менен Орусиядан келген транзиттик каналдардан трафикти кабыл алуу жүргүзүлөт.

Ошондой эле токтомдо байланыш операторлору атайын кызматтар трафикти каттоочу жабдууларын орнотуп алуулары үчүн УКМКга өздөрүнүн интернетти кабыл алуу түйүндөрүнө жеткилик ачып бериши керектиги айтылат.

Мындан кийин трафик тууралуу маалыматтар УКМКга, андан соң салык органдарына өткөрүлүп турат. Бирок токтомдо атайын кызматтар так кесе кандай маалыматтарды салык органдарына өткөрүп тураары, анын ичинде бул маалыматтардын сактыгы жөнүндө да айтылган эмес.

«Азыркы учурда Кыргызстандын аймагына кирген-чыккан трафиктин эсебин алуу, талдоо жүргүзүү жана жөнгө салууга мүмкүнчүлүк түзүүчү кандайдыр бир механизмдер жок. Ошонун айынан эсепке алынбаган трафиктин маселеси бар», — деп токтомдун маалымкат-негиздемесинде айтылат.

УКМК 2019-жылдын 15-майына чейин трафиктин эсебин алуу үчүн баасы 1 млндон 5 млн долларга чейин жеткен тийиштүү жабдыктарды сатып алышы керек. Аталган жабдыктарды сатып алууга каражатты Экономика министрлиги бөлүп берет.

Бул эмне үчүн керек?

Экономика министрлигинин башчысынын орун басары Дастан Кадыров сунушталып жаткан токтомдун башкы максаты — салык жыйымдарын көзөмөлдөө экенин билдирди.

«Токтом бир эле максат менен кабыл алынганы жатат: салык аркылуу интернет трафикти көзөмөлдөө. Учурда толук көзөмөлдөгөнгө биздин мүмкүнчүлүгүбүз жок болуп жатат. Бул дүйнөлүк тажрыйбада бар экен. Интернет трафиктин канчасы кирип, канчасы чыгып жатканын, Кыргызстанда канчасы калып жатканын көрүшүбүз керек», — деп айткан Кадыров «Азаттыкка».

Анын айтымында, УКМКда кирген-чыккан трафикти көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү болот деген чоочулоолор «негизсиз». Азыр мындай укуктар болгону Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине (МТБМК) отчёт берген «Транском» мамишканасында гана бар.

Кадыров эгер токтом күчүнө кирип кала турган болсо, бул интернеттин тездигине эч кандай таасир этпейт деп ишендирди.

«Азыр уюлдук байланыш компаниялары, интернет провайдерлер бир абоненттен миң сом акы алса, биз ошол миң сомго эле салык салып, ошол суммадан эле салык алып жатабыз. [...] Азыр бизде канча интернет трафик кирип-чыгып жатканы тууралуу толук маалымат жок. Көзөмөлдөөчү аппараттар коюлушу керек. Интернет чектелбейт, анткени бул жерде андай максат жок», — деп билдирди экиномика министринин башчысынын орун басары.

Салык кызматынын басма сөз катчысы Эркин Сазыков «Клоопко» курган маегинде билдиргендей, азыр интернет операторлорунун салык төгүмдөрү алар тапшырган отчётторго ылайык текшерилет.

«Алар көрсөтүлгөн кызматтар боюнча отчёт тапшырышат. Ошонун негизинде салык төгүү жүргүзүлөт. Бирок чоң өлчөмдө интернет трафик түшүп, ал сатылбай жана салык төлөөсүз эле кетип калган абийирсиз учурлар болуп калат», — деди Сазыков.

Ал мындай жагдайлар мурда кантип аныкталып келген деген суроого жооп бере албай, Экономика министрлигине кайрылууну кеңеш кылды, анткени фискалдык саясатты аталган министрлик жүргүзөт.

«Мыйзам боюнча, [салык кызматы] аткаруучу катары иштейт. Келечекте эмнени пландап жатышканын биз айта албайбыз», — деп кошумчалады ал.

«Салыктарга токтом таасир этпейт»

Байланыш операторлор ассоциациясынын төрагасы Айбек Күрөңкеев Экономика министрлиги сунуштап жаткан демилгелер жүзөгө ашырылганын «Клоопко» курган маегинде билдирди. Анын айтымында, трафиктин көлөмү тууралуу маалыматтардын бардыгы Мамбайланыш комитетинде бар.

«Оператор МТБМКдан лицензия алууда өзүндө СОРМ аппараттык-программалык комплекс орнотууга милдет алат. Эми болсо бул жаңы токтом толугу менен СОРМдун функцияларын кайталайт. Азыр трафиктин көлөмү да, контент да көрүнүктүү, бул маалыматтардын бардыгы тең ашыгы менен УКМК үчүн көрүнүп турат. Аны чек арада кайталоонун эч кандай кажети жок», — деди Күрөңкеев.

Ал операторлордун салык жыйымдарын жогорулатуу үчүн бул токтомду кабыл алуунун кажети жоктугун, анткени интернет операторлордун бардыгы тең трафиктин көлөмүн эмес, интернет каналдарды сатып алышат деп кошумчалады.

«Эсеп-кысап жагынан алып караганда — бул сабатсыз токтом [...] колдонуучулардын бардыгы тең интернетти терминалдар аркылуу төлөшөт, ал эми бул болсо банктык котормо — ар бир сомдун салыгы төлөнөт. Чек арада шлюз орнотуунун кереги жок, ал салыктарга эч кандай таасир этпейт», — деди Күрөңкеев.

Интернетти толугу менен көзөмөлдөө

Маалыматтык саясат жаатында иштеген «Клооптун» булактарынын бири жашыруун шарты менен бул токтом интернеттин үстүнөн көзөмөл жүргүзүү үчүн түзүлгөнүн кабарлады. Анын айтымында, бул бийликтин трафикти көзөмөлдөө үчүн жасаган алгачкы эле аракети эмес.

«УКМКны көзөмөлдөөчү орган кылгылары келип жатканы таптакыр түшүнүнксүз. Интернет провайдерлери Мамбайланыш комитети менен иштешишет. Бардык эрежелерге ылайык, бул УКМК болбошу керек», — деди ал.

Анын айтымында, эгер УКМК интернет шлюздарга жеткилик алса, анда тармакты көзөмөлдөө толугу менен жоготулуп, бул өлкөдөгү интернетти толук көзөмөлдөөгө биринчи кадам болуп калат.

«Теория жактан караганда, эгер УКМКда интернет каналын түздөн-түз көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү пайда болсо, анда алар жабдыктын функционалына жараша айрым ресурстарга жеткиликти бөгөп коё алышат. Же болбосо таптакыр эле өлкөдө интернетти кыркып коё алышат», — деди ал.

«Клооптун» булагынын ою боюнча, УКМКда трафикке жеткилик менен кошо колдонуучулардын контентине байкоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгү да пайда болот. «Балким, интернет шлюз күзгүлүк интернет канал түзөт — каналдардын бири түз УКМКга барса, экинчиси интернет провайдерлерге. Бирок УКМК шифрленген каналдарды чечмелей алат деп ойлобойм, бирок мындайлар өтө көп эмес».

Токтомго карата жободо трафик каттоо борборуна түшүп, андан соң ыйгарым укуктуу салык органына өткөрүлүп турат деп айтылат. Бирок, эгерде УКМК трафиктин бардыгына жеткилик алып кала турган болсо, анда алар салык кызматтарына так кесе кандай маалыматтарды өткөрүп бергенин билүү кыйла эле оор болуп калат. «Алар бул маалыматтарды кай жерде сактай турганы түшүнүксүз. Алар жеке маалыматтардын сактыгы үчүн кантип жооп беришери да түшүнүксүз».

«Клооптун» булагынын ою боюнча, Кыргызстандын салык кызматы интернет провайдерлердин салык төгүмүнүн тууралыгын азыр эле биллинг системасы аркылуу эсептей алат. «Азыр салык кызматтарында абоненттер боюнча отчёттуулук бар. Көмүскө трафик менен күрөшүү? Провайдерлердин өздөрүнө көмүскө трафик менен иштөө пайдалуу эмес. Мисалы, Казакстанда [көмүскө трафикти саткандыгы] үчүн провайдерлерде баш ооруу жаралып турат».