Бишкек шаардык соту Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы башчысы Мурат Суталиновду бошотуу тууралуу чечимди 7-майда чыгарды. Сотко бул өтүнүч менен Суталиновдун адвокаты да, Жаза аткаруу мамкызматынын өкүлдөрү да кайрылышкан.
Буга чейин Суталинов төртүнчү даражадагы өөрчүмө рак илдети менен ооруп жатканы жана паллиативдик жардамга муктаж экени айтылган.
Саламаттык сактоо министрлигинин комиссиясынын курамына кирген врач-онкологдун айтымында, дарыгерлер оорулардын тарыхын текшерип, Суталиновдун диагнозун ырасташкан.
«Адис катары корутунду текшерүүнүн негизинде чыкты деп ырастай алам. Врач катары бейтап ооруканада үзгүлтүксүз дарылоого муктаж деп айта алам», — деди Усупбаев.
Өкүм чыккандан кийин Суталинов 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгондордун апаларынан жана жабыр тарткандардан кечирим сурады.
«Кыргыз элиме ыраазычылыгымды билдирем. Мени көп кишилер колдоду. Көп кишилер кечиришти. Рахмат. Эми канча калса, туура жашашым керек. Мен жабыркагандардын энелеринен соттон да кечирим сурагам. Азыр да сурап жатам, моралдык күнөөмдү азыр да сезем. Бирок ошол трагедиялуу окуяны токтотконго күчүм жеткен эмес. Азыр да кечирим сурайм бүткүл кыргыз элимен», — деп билдирди ал.
Жактоочулар өткөн жылы дарыгерлер сол бөйрөгүндө рак бар экендиги тууралуу корутунду чыгаргандан кийин Суталиновду мөөнөтүнөн мурда бошотууну өтүнүшкөн. Суталиновдун оң бөйрөгүн 2012-жылы алышкан, анда врачтар Суталивго үчүнчү даражадагы рак диагнозун коюшкан.
Ушул жылдын февраль айында Ленин райсоту Суталиновдун диагнозуна карабастан анын абак жазасын күчүнүдө калтыруу чечимин кабыл алган.
Мурат Суталинов 2006-2010-жылдары, 7-апрель коогасына чейин УКМКны жетектеген.
7-апрелдеги революцияда, тагыраагы Ала-Тоо аянтында каршылык акциясынын айрым катышуучулары набыт болгондон кийин Суталинов өлкөдөн чыгып кетип, бирок 2011-жылы декабрда күтүүсүз жерден эле кайтып келип, өзүнүн сот процессине катыша баштаган. Ал митингчилердин өлүмү үчүн «Адам өлтүрүү», «Адам өлтүрүүгө кол салуу» жана «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренелеринин негизинде мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга соттолгон.
Ошондой эле бул иш боюнча Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев, Мамлекеттик коргоо кызматынын башчысы Жаныш Бакиев, экс-премьер-министр Данияр Үсөновго да карата да өкүмдөр чыгарылган. Алар өмүрү өткүчө эркинен ажыратылган.