Ош шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун 74 жылдыгы борбордук аянтта белгиленди. Салтанатка 10 миңге чукул адам катышты. Алгач согуштун ардагерлери менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана шаар тургундары өчпөс от мемориалдык комплексине гүл чамбар коюшуп, курман болгондорду эскеришти. Андан кийин «Өлбөс полк» жүрүшү болуп өттү.

Фотосүрөттөрдү редактору: Дастан Үмөтбай уулу