Сүрөт: президенттин басма сөз кызматы

Сооронбай Жээнбеков өзүнө чейин өлкө башчысы болгон эмоционалдуу президент Алмазбек Атамбаевдин жанында дайыма аз сүйлөгөн адамдай сезилчү. Эл алдына чыкканда ал өзүнүн даярдалган тексттеринен эч качан чыкпай, бардыгын кагаздан окуйт. Ал эми басма сөз кызматтын президент сүрөт жана видеолордо жакшы көрүнүшү үчүн жасаган аракеттери сандырактыкка чейин жетип кетти.

Жээнбеков 9-майда «Өлбөс полк» жүрүшүн баштап чыкты жана биз кечээ күнү билип калгандай, президентти сүрөткө жана видеого тартуу, анын ичинде дрондорду учурууга уруксат көрүүчүлөр жүрүштү өйдөдөн көрө алышы үчүн мамлекеттик КТРК телеканалына гана берилген экен. Ал эми калган башка ЖМКлардын журналистеринин бардыгын КТРК жана президенттин басма сөз кызматы (ал эми бул дээрлик бир эле нерсе) башка медиаларга өз материалдарын бөлүшүшөөрү менен тынчтандырышты — бирок алар материалдарды жүрүш бүткөндөн кийин бир сааттан соң гана жөнөтүшкөн.

Албетте рахмат, бирок эгер эң маанилүү иш-чараларды КТРК түз алып бере турган болсо, анда калган башка журналисттердин эмне кереги бар?

Бул маселе журналисттик чөйрөдө биринчи эле чыгып жаткан жери жок. Мындай адилетсиздик 2017-жылы Жээнбековдун «Ала-Арча» мамрезиденциясында өткөн инаугурациясы учурунда да болгон — анда кыргыз ЖМКларынын 150дөн ашуун журналистин иш-чара өтүп жаткан бөлмөгө киргизбей чоң сыналгынын алдына отургузуп, КТРК чагылдырып жаткан түз алып берүүнү коюп берип коюшкан. Болбосо ал биз үйдө жатып фейсбуктан же сыналгыдан көрүүгө мүмкүн болгон ошол эле түз алып берүү болчу.

Андан кийин шаардын четинде жайгашкан мамлекеттик резиденцияга баруу үчүн бекер эле таңкы саат 6да туруп, дресс коддун бардык эрежелерине төп келе жасанып келип көңүлдөрү калган журналисттерди шоколаддар, жемиштер жана иш аптасынын ортосунда алкогол менен көңүлдөрүн жибитүүгө аракеттенишкен. Бирок көңүлдө баары бир так калып калган.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Бишкекке болгон сапары учурунда да бул көрүнүш кайталанган — бизди кайрадан ошол эле багыбызды ачпаган пресс-залга отургузуп коюшту. Ал жакта биз президенттерди төрт сааттай күтүүгө аргасыз болуп, андан соң терезеден КТРКнын журналисттери Жээнбеков менен Путиндин салтанаттуу жолугушуусун кантип сүрөткө тартып жатышканын көрүүгө туура келген — бизге аны тартууга уруксат бербей коюшкан. Биз аларды жок дегенде терезе аркылуу тартып алалык десек да күзөтчүлөр тыюу салып туруп алышты. Арадан дагы бир саат өткөн соң гана президенттер алдыбызга чыгып, 15 мүнөт бири-бирин макташып, андан соң аларды журналисттерге жок дегенде бир суроо узатууга мүмкүнчүлүк бербестен алып кетип калышты.

Эмне үчүн президенттин басма сөз кызматы КТРКга гана ишенээри түшүнүксүз. Балким бул КТРК мамлекеттик канал болгондугу жана анын журналисттерин көзөмөлдөө оңоюраак болгону үчүндүр. Балким мындай болсо Жээнбековдун зоболосу үчүн жагымсыз жагдайлар менен фейлдер да азыраак боло тургандыгы үчүндүр. Бирок, эгер президенттин жанына баруу мүмкүнчүлүгү Кыргызстандагы бир эле ЖМКда бар болсо, анда биздин өлкөдөгү журналистиканы эркин деп айтууга болобу?

Өткөн жылдарда съемка кылууга, алтургай бул үчүн дрон колдонууга да расмий тыюу жок болчу. Ал эми учурдагы басма сөз кызмат болгон күчү менен мамлекет башчысы өлкөнүн «зоболосу» үчүн пайдалуу гана ракурстан көрсөтүлүшүн каалап жатат.

Алардын айтымында, президенттин алдында баш аламан чуркап жүргөн журналисттер КТРКнын Жээнбековду кооз кылып тартуусуна тоскоол кылат, ал эми башка ЖМКлардын дрондору асманда мамлекеттик телеканалдын дрондору менен кагылышып, жүрүштөгүлөрдүн үстүнө кулап, баарынын майрамын бузуп коёт. Албетте, мындай көрүнүш үрөйдү учурат, бирок муну алдын алуу үчүн башка көптөгөн ыкмалар бар жана тыюу салуу алардын ичинен эң радикалдуусу.

Бул окуя казак кызматтары Касым-Жомарт Такаевди сүрөттөрдө экинчи ээгин алып, жүзүндөгү бырыштарды жаап-жашыруу менен фотошопко салып жатканын элестетет.

Кыргызстанда жалпысынан эркиндик боюнча абал жакшыраак, бирок бийликтегилер мындай аракеттер менен КТРКга өзгөчө артыкчылыктарды берүү жана жарандардан окуяларга башка ЖМКлар аркылуу көрүү укуктарын тартып алуу менен журналисттердин жумушун чектеп жатышат. Ал эми бул болсо «Журналисттин кесиптик ишмердигин коргоо жөнүндө» мыйзамын бузуу. Ошол эле жерде маморгандар журналисттердин «кесиптик ишмердигине кийлигишүүсү» үчүн жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн деп айтылат.

Журналисттердин съемкага тыюу салынгандыгына нааразычылыктан кийин шаардык кеңеш бул чечим үчүн жоопкерчиликти президенттик аппаратка оодара салган, ал эми президенттик аппараттан эч нерсеге тыюу салышпаганын билдиришкен.

Бирок 9-май күнү милиция бары бир деле жүрүштүн сап башында келе жаткан президентти тартууга тыюу салууга аракеттенип жатты. Бир нече милиционер, анын ичинде президенттик аппараттын кызматкерлери мамлекет башчысын тартууга болбосун айтып жатышты. Ошол эле маалда президенттин алдында оң метр аралыкта камера көтөргөн адамдар президентти кадимкидей эле сүрөт жана видеого тартып жүрүштү. Анткени менен аларда «Пресса», жок дегенде КТРКга таандыгын көрсөткөн башка ажыратып таанытуучу белгилери жок эле.

Бул тыюулардын бардыгы расмий эмес жана негизсиз, журналисттерге бул жөнүндө аккредитациянын алдында телефон аркылуу сүйлөшүүлөр учурунда оозеки гана айтышат. Биз менен да ушундай болгон. Адатта мындай айтылат: «Биз силерди аккредитацияладык, бирок телефондон түз алып берүүгө тыюу салынган». Эмне үчүн болбойт деген суроого президенттин аппараты түшүнүктүү жоопторду бербейт.

Съемкага тыюуну сот аркылуу даттанса болот, бирок ал жактан тыюуну тастыктаган расмий документ сурашат. Ал эми бул документти маморгандар жөн гана бере коюшпайт. Анан калса да жумушту чектешкенин далилдөө мүмкүн эмес — маморгандар каалаган учурда андай болгон эмес деп айтып коё алышат.

Натыйжада журналисттер кайрадан эле өз жумуштарын толугу менен аткара албай калышат, себеп дегенде кара костюмчан кишилер алардан «сылык түрдө» камераларды алуусун суранышат же атайын кызматтардын каалоосу менен мобилдик байланыш жөндөн жөн эле жоголуп кетет.

Биз «Клоопто» бул сыяктуу тыюу салууларды журналист катары биздин укукту жана Кыргызстандын жарандары катары сиздердин укуктун бузуулуусу деп эсептейбиз. Ошондуктан биз мындан ары да өз жумушубузду окурмандарыбызга пайдалуу болгудай кылып аткарууну уланта беребиз.

Ошондуктан, президентке жана анын аппаратынын кызматкерлерине эгер чын эле жашыра турган эч нерсеси жок болсо жана кыргыз басылмаларынын журналисттеринен коркпогон болсо, анда биз өлкө башчысына «Клооптун» журналисттерине маек курууну жана «Беш мүнөт» интернет-берүүбүздүн алкагында өлкөбүздүн жарандарын тынчсызданткан суроолорго жооп берүүнү сунуштайбыз.

Президентти жакшы ракурстан гана тартабыз деп салтанаттуу түрдө ант беребиз.