Экс-вице-премьер Атаханов Батукаевдин бошотулушу тууралуу айтып берди — супер кыска баяндоо

Шамиль Атаханов. Сүрөт: Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

Мурдагы вице-премьер-министр Шамиль Атаханов 24.kg басылмасын маек куруп, анда кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы бошотулушу боюнча өз версиясын айтып берди. «Клооп» Атахановдун версиясын супер кыскача баяндап берет:

Батукаевди 10 жылдан ашуун бошотууга аракет кылышкан, муну мен вице-премьер-министрлик кызматка дайындалганга чейин эле көздөшкөн. Мен жөн жерден эле кримтөбөлдү коё берип сала алмак эмесмин, анткени өз мыйзамдары жана татаал процедуралары бар ондогон ведомстволордон өтүү керектелмек, ал эми вице-премьер-министрге аны кылууга болбойт. Врачтардын корутундусун өзгөртүүгө бир да аткаминердин укугу жок. ЖАМКтын мурдагы башчысы Зарылбек Рысалиев болбогон нерселерди айтып, башкаларды баткакка шыбап жатат, анткени мага жинденип жүрөт. Мен ички аскер күчтөрүн ИИМдин курамынан чыгарууга каршы чыкканымдан кийин экс-президент Атамбаевдин жакынкы чөйрөсүнөн четтелип калгам. 2013-жылы реалдуу бийлик президенттик аппаратка өтүп, мен Атамбаевдин чөйрөсүнөн чийилип калгам.

Батукаевдин бошотулушу

Шамиль Атаханов 2013-жылы вице-премьер-министр болуп иштеп, өз кызмат ордунан кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушуна байланыштуу чыр-чатактын шартында кеткен. Атахановдун тышкары, акыйкатчы Турсунбек Акун менен Жазаларды аткаруу боюнча мамкызматтын башчысы Зарылбек Рысалиев ээлеген кызматтарынан бошотулушкан.

Батукаевдин бошотулушуна ага дарыгерлердин лейкоз диагнозун койгондору себеп болгон. Мындан кийин медициналык корутунду жасалма экендиги белгилүү болгон, бирок Батукаев өлкөдөн чыгып кетүүгө жетишкен.

2019-жылдын май айында Кыргызстандын бийлиги Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш боюнча тергөөнү жандандырган. бул иш боюнча бир нече дарыгерлер кармалган.