КР ТИМи: Муфтияттын ооз ачуусунда чыккан ызы-чуу Түркия менен Кыргызстандын «боордош мамилелерине» таасир этпейт

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдиргендей, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фыраттын ооз ачуудан кетүүсү «жеке мүнөзгө ээ».

«Акыркы жылдары Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы мамилелер кыйла жанданып, сапаттуу жаңы деңгээлге чыкты. Көп пландуу жана стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Ооз ачууда чыккан ызы-чуу боордош мамлекеттердин мамилелерине таасир этпейт», — деп айтылат ведомствонун билдирүүсүндө.

Камил Фырат 8-май күнү Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы (КМДБ) Бишкектин «Дасмия» ресторанында уюштурган ооз ачуудан кетип калган. Мындай жүрүм-турумга ооз ачууда «Сапат» лицейлер тармагынын директору Орхан Инанды жүргөнү себеп болгон.

Камил Фыраттын айтымында, Инанды — бул ФЕТО террористтик уюмунун мүчөсү.

Түркиянын ТИМи өз элчисин колдоп, ал туура кылган деп айткан. Алар «Сапат» лицейлеринин ФЕТО террористтик уюмуна тиешелери бар деп эсептешет.

Түркиянын ФЕТОго каршы күрөшү

Түркиянын бийлиги «Сапат» билим берүү тармактары оппозиционер Фетхуллах Гүлен жана анын ФЕТО уюму тарабынан каржыланат деп эсептейт. Түркияда бул уюм террористтик деп табылган, ал эми Гүлен өзү 2016-жылдагы мамтөңкөрүш аракетине айыпталган.

Кыргызстандын бийлиги лицейлер тармагын «Себаттан» «Сапатка» өзгөртүп, Түркия менен мамилени бузбаш үчүн директорлор кеңешинин курамына Билим берүү министрлигинин өкүлдөрүн киргизген.

Жүзөгө ашпай калган төңкөрүштөн кийин түрк бийлиги миңдеген камакка алууларды жүргүзүп, жүздөгөн адамдарды ФЕТОго байланыштары бар деп соттогон. Ал эми Гүлен өзү мамлекеттик төңкөрүш уюштурбаганын айтып чыккан.

Азыр ал АКШда жашайт. Түркия бир нече жолу америка бийлигинен аны өткөрүп берүүнү талап кылып, бирок АКШ баш тарып койгон.